«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

«Акыл Ордо» таймашы эми Сокулук районунда өткөрүлдү

5 Апрель 2021 жыл 20:04
Көрүүлөрдүн саны: 209

Суусамыр айыл аймагында өткөрүлүп келген, 6 жылдык тарыхы бар “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашы эми Сокулук районундагы Военно-Антоновка мектеп гимназиясында өткөрүлдү. Сынакка жалпы 6 окуучу катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин даңазалай алышты.


“Акыл Ордо” таймашы 2015-жылдан бери Суусамыр өрөөнүнүн 5 мектебинин окуучуларынын арасында өткөрүлүп келет. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланып, дем берүүчү мүнөзгө ээ иш-чара болуп калган. Эми бул таймаш Военно-Антоновка айылына да жыл сайын өткөрүлө турган болду.

Окуучуларга даярдалган белектер

“Бул долбоорлорду мен абдан кубануу менен колдоп келем. Анткени, балдарга стимул берип, мындан ары да терең билип алып, келечекке максат коюп эмгектенүүсүнө жол ачат. Суусамыр өрөөнү менен гана чектелбестен Военно -Антоновка айыл аймагына да демөөрчүлүк кылууну колго алганмын. Мындан ары, Суусамыр өрөөнүндө өткөрүлүп келе жаткан долбоорлорду бул жакта да уюштурабыз. “Парламент сүйлөйт” долбоорун да бул мектепте өткөрүүнү пландап жатабыз”,- деди.

Таймаштын жеңүүчүсү 11-класстын окуучусу Эльнура Амантаева ноутбук менен сыйланса, 2- орунду ээлеген катышуучу смартфон менен сыйланды.

Солдон оңго: уюштуруучу Аида Медетбек кызы жана жеңүүчү Эльнура Амантаева

Интеллектуалдык таймаштын уюштуруучусу жана алып баруучусу Аида Медетбек кызы буга чейинки таймаштын жеңүүчүлөрү ийгилик жаратып, өздөрүнөн кийинки муундарга окутууларды өткөрүүгө да жетишип келе жаткандыгын белгиледи:

“Бул таймаштын жеңүүчүлөрү Жогорку Кеңешке барып, депутаттар менен жолугуп, маданий иш-чараларга катышып, эс алууга жолдомо алышкан. Мындай иш-чаралар балдардын өсүп-өнүгүүсүнө чоң жол ачты десем жаңылышпайм. Эми ушундай эле иш-чараларды Военно-Антоновка мектеп гимназиясынын окуучуларына да өткөрүп жатабыз”,- дейт уюштуруучу.

Иш-чарага келген коноктор

“Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашын Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев колдоого алып, башталгандан бери демөөрчүлүк кылып келет. Мындан тышкары, “Жыл мугалими”, “Парламент сүйлөйт” долбоорлорун да колдоп келет.

Жеңүүчүгө сыйлык тапшыруу учуру

 

 

Иш-чарага Сокулук районунун администрация башчысы Аманкан Кенжебаев, Военно- Антоновка айыл аймагынын башчысы, айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар кеңеши, Чүй облусунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп директорлору жана башка коноктор катышып, мындай таймаштар балдардын келечеги үчүн салымы зор экенин белгилеп өтүштү.

Суусамыр өрөөнүндөгү “Акыл Ордо” жана “Парламен сүйлөйт” долбоорлорунун жыйынтыктоо кечеси май айынын аягында өткөрүлөт.

 

Азиза Тамчиева