«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырда 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү белгиленди

6 Апрель 2021 жыл 16:36
Көрүүлөрдүн саны: 169

Бүгүн Суусамыр айылдык ден-соолук чыңдоо комитети тарабынан Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жана Суусамыр айылдык ооруканасында  «7-апрель-бүткүл дүйнөлүк  ден-соолук кунунө» карата акция болуп өттү.

Акцияга айылдык ден соолук комитетинин жетекчилери мугалимдер окуучулар жана Суусамыр айылдык оорукана кызматкерлери  катышышты. Акцияда ден-соолукту чыңдоо максатында физикалык активдүүлүктү жогорулатуу үчүн  күнүмдүк жасалуучу көнүгүүлөр аткарылды.

Акциянын жүрүшү мугалимдер  окуучулар.

Акциянын аягында катышуучуларга кофе-тыныгуу уюштурулду.

Акциянын катышуучулары.

 

Оорукана кызматкерлери

Акциянын катышуучулары

Акциянын  жүрүшү тууралуу Суусамыр айылдык ден-соолукту чыңдоо комитетинин жетекчиси Чолпон Кулсариева төмөнкүлөрдү билдирди:

Суусамыр айылдык ден-соолукту чыңдоо комитетинин жетекчиси Чолпон Кулсариева

«7-апрель бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата ден-соолугубузду чыңдоо үчүн жана сергек жашоо максатында кунунө көнүгүлөрдү жасоону адатка айландыруу үчүн ушул акцияны уюштурдук. Эң жакшы демилгелерибиз мекемелер арасында спорт оюндары менен мелдешүүгө чакырышты».

 

Азиза Тамчиева