«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр Жергиликтүү кеңеш кезексиз отурумга чогулду.

8 Апрель 2021 жыл 15:30
Көрүүлөрдүн саны: 160

Бүгүн Суусамыр Айыл өкмөтүндө Суусамыр айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 47-кезексиз отуруму болуп өттү.Отурумга  11 депутат катышты. Кезексиз отурум  Айыл өкмөтүнүн жана жер адисинин катышуусунда болуп өттү.

Отурумдун  жүрүшү тууралуу жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов төмөнкүлөрдү билдирди:

Жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов.

«Биз бүгүн кезексиз отурумга чогулдук.Карала турган маселелер чыгып калды.

Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1.Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну К.Самак уулунун Ош-Бишкек жолунун 155-чакырымына май куйуучу жай куруу боюнча маалыматын угуу;
2.Суусамыр айылына бала бакчанын курулушу үчүн жер тилкелерин берген З.Абдыназаровдун, Н.Ногойбаевдин Тунук айылынан жер тилкесин бөлүп берүү боюнча арыздарын карап чыгуу;

Ушул маселелерди Айыл өкмөтүнүн катышуусу менен карадык. Айыл өкмөтү жана депутаттар менен кеңешип каралган маселелерди чечип берүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырма берилди.Биринчи  маселе боюнча айыл тургунун маалыматын угуп,  жергилүүктүү кеңеш уруксаат берүү чечимин чыгарды. Ал эми экинчи маселеде айыл тургундарынын арыздары каралды.Суусамыр айылынын эки тургуну  жер тилкесин бөлүп  берүү боюнча Айыл өкмөтүнө кайрылышкан.Анткени  Суусамыр айылынын эки тургунунун жер тилкесине бала бакча салынып жатат. Айыл тургундары балдардын келечеги үчүн өздөрүнүн жер тилкелерин бала бакча курууга  беришкен.Ошол себептен Айыл өкмөтү тарабынан башка жерден жер тилкесин  бөлүп берүү жагы жер адисине тапшырылды.Ушул эки маселе депутаттардын колдоосу менен каралып чечилди».

Эскерте кетсек, Суусамыр айылына Айыл өкмөтү жана  Арис проектиси  тарабынан бала бакча курулуп жатат.Бала бакча ушул жылдын аягына чейин курулушу аяктап колдонууга берилиши керек.

Бала бакчанын курулушу.

Бул материал Фридрих Еберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды.Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Азиза Тамчиева.