«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Өрөөндө мыкты министрлер аныкталды

11 Апрель 2021 жыл 21:38
Көрүүлөрдүн саны: 206

10-11-апрелде Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин арасында «Парламент сүйлөйт» сынагы өттү. Сынак радиодо түз эфир аркылуу өткөрүлдү. 2 күн ичинде мектеп парламентинин 4 министрлери таймашты.


Мыкты Билим министри наамын К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин 11-классынын окуучусу Токтогулова Алтынай;

11-апрелде өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү

Сынак учурунда

Мыкты Маданият жана маалымат министри наамын Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Аманкулова Айжаркын;

Мыкты Спорт жана ден-соолук министри наамын Түркмөн орто мектебинин 7-классынын окуучусу Чынтемиров Бактияр;

Мыкты Премьер-министр наамын Түркмөн орто мектебинин 7-классынын окуучусу Бектемирова Аэлита жеңип алышты.

Сынактын шарты боюнча 10 суроодон турган тест жазылат

Мындан тышкары, ар бир министрлердин таймашында 2,3- орундар да берилип, аларга ЖК депутаты, долбоордун демөөрчүсү Тынчтыкбек Конушбаевдин атынан ардак грамоталар менен сыйланышты.

Эми апрель айынын аягында 5 мектептин президенттери таймашып, андан соң бардык жеңүүчүлөр демөөрчү тарабынан уюштурулган эс алуу жана маалыматтык турга май айында барып келишет жана баалуу белектер менен сыйланышат.

«Парламент сүйлөйт» долбооруна быйыл 5 жыл толду. Долбоор 2016-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн. Андан бери, мектеп парламентинин иштери жанданып, жалпы мектеп парламентинин жобосу иштелип чыккан. Учурда бардык 5 мектептин парламенти ушул жобонун алкагында иштешет.

Тест жазуу учуру

5 жыл арасында көптөгөн мыкты парламент мүчөлөрү баалуу белектерге ээ болушуп, Бишкек шаарына эс алууга жана Жогорку Кеңешке маалыматтык турга барып келишкен.

Долбоордун демөөрчүсү Тынчтыкбек Конушбаев бул иш-чаранын абдан маанилүү экендигин белгилеп, мындан ары дагы колдоп, башка аймактарга да өткөрүү демилгесин көтөрүүдө.

«Акыл Ордо» таймашы эми Сокулук районунда өткөрүлдү
 

Назима Акишбекова