Айылдык кеңештин депутаттынын статусу жана мен айылдык кеңештин депутатымын.
Айылдык кеңештин депутаттары фракцияларды же топторду түзө алышабы? деген суроо менен жергиликтүү кеңештин депутаттарына кайрылдык.
Бул суроого жергиликтүү кеңештин депутаты төмөнкүдөй билдирди:

Жергиликтүү кеңештин депутаты Урмат Алыпсатаров.
«Айылдык кеңештин депутаттары фракцияларды түзө алышпайт.Туруктуу жана убактылуу комиссияларды түзүшөт».
Айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңеште депутаттык фракцияларды түзүүгө укугу жок.Анткени менен айылдык кеңештин депутаттары биргелешип иштөө үчүн өз ара макулдашуу менен ыйгарым укуктарды жүзөөгө ашыруу боюнча депутаттык топторго бириге алышат.Түзүлгөн топ айылдык кеңеште каттодон өтөт.Топтун курамына кирген өкүлдөр топтун жетекчисин шайлашат.
Теманын алкагында суроого жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов төмөнкүдөй жооп айтты:

Жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов.
“Айылдык кеңештин депутаттары фракцияларды түзө алышпайт. Фракциялар жогорку жана шаардык кеңеште түзүлөт.Алар партиялык копчүлүк менен шайланат.Ал эми жергиликтүү кенеште депутаттык туруктуу жана убактылуу комиссиялар түзүлөт.Биздин жергиликтүу кеңеште төрт туруктуу комиссия иш алып барат.Алар социалдык,админстративдик,бюджеттик жана айыл чарбасы боюнча комиссиялар”.
Туруктуу комиссияларга жергиликтүү кеңештин ишинде өзгөчө роль жүктөлөт.Аларсыз айылдык кеңеш өзүнүн отурумдарында маселелерди кароого укугу жок.Демек айылдык кеңеште депутаттык фракциялар эмес туруктуу жана убактылуу комиссиялар иш алып барышат.
Айылдык кеңештин депутаттары фракцияларды же топторду түзө алышабы
Азиза Тамчиева.