«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр; бала бакчанын курулушу энелердин кубанычы болууда.

11 Май 2021 жыл 15:32
Көрүүлөрдүн саны: 160

Жаздын келиши менен Суусамыр айылындагы бала бакчанын курулушу жанданды. Айыл өкмөтүнүн жана арис долбоорунун колдоосу менен Суусамыр айылына бала бакча курулуп баштаган.

Бала бакчанын курулушу.

Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев төмөндөгүдөй билдирди:

Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев.

“Айыл өкмөтү айылда көйгөйлүү маселелерди чечкенге аракет кылып келатабыз.Ошолордун бирөө ушул бала бакча куруу болчу. Биздин айылда буга чейин бала бакча болгон эмес.Көйгөйлүү маселелердин бири болуп келген. Айыл өкмөтү колго алып ишке ашырганга аракет кылып келгенбиз. Аракетибиз ишке ашып бала бакча курулуп баштады. Долбоордун негизинде айыл өкмөттүн каржылоосу менен курулуш иштери 2020-жылдын күз айларында башталган. Кыш мезгилинде курулуш иштери токтогон. Жаздын келиши менен курулуш иштери башталды. Азыркы убакта жумушчулар келип иштеп башташты. Арис долбоорунун жана Суусамыр айыл өкмөтүнүн каражатына курулуп жатат.Бала бакча 100 орунга чакталган.Эки кабаттуу имараттан турат. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлүнгөн. Жергиликтүү кеңеш менен биргеликте айылдын инфрастуктурасын жакшыртышыбыз керек. Айылыбыз үчүн пайдалуу нерсени кылганга дагы да аракет кылабыз. Каражат убагында бөлүнүп которулуп турса ушул жылдын аягына чейин колдонууга берилет деген ойдобуз. Бала бакча балдарыбыздын келечеги үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду».

Бала бакчанын курулушу айыл элине жакшы жаңылык болду. Өзгөчө иштеген балалуу энелер үчүн дагы жакшы болду.Бул тууралуу айыл тургуну Жусупбек кызы Асел өз оюн билдирди:

Айыл тургуну Жусупбек кызы Асел медайым

«Бала бакча салынганы  энелер балдар үчүн чоң  кубаныч болуп жатат. Бизге буга чейин бала бакчанын жоктугу көйгөй жаратып келген. Өзгөчө иштеген айымдар үчүн балдарын таштаганга бала бакча жок болгон.Менин эки балам бар. Ооруканада мед айым болуп иштейм. Жолдошум дагы жумушта болот. Балдарым азыр уйдө мектепке бара элек.Биз азыр бала бакчага муктажбыз. Бала бакча курулуп бүтүп калса  балдарыбыз бакчага барышат деген ойдобуз.Айыл эли да жумуш менен камсыз болушмак.Балдарыбыздын келечеги үчүн да жакшы болду. Бакчага барып аң-сезимдери өсүп мектепке чейинки даярдоо дагы болмок. Айылда балдар үчүн эч кандай оюн аянтчалары дагы жок. Жок дегенде балдар бакчага  барышмак. Бала бакчага барган бала менен уйдөгү баланын айырмасы бар болот. Эртерээк бүтсө деп тилек кылалы»-дейт Асел айым.

Бул материал Фридрих Еберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды.Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Азиза Тамчиева.