11-апрельдеги жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо болуп өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Суусамыр өрөөнү боюнча жергиликтүү кеңешке 21 депутат шайланды. Алардын ичинен 7 айым депутат болуп келишти.
Суусамыр айыл өкмөтүндө жаны шайланган жергиликтүү кеңештин кезексиз 1 отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшү.
Кун тартибиндеги каралуучу маселелер;
1.Жергиликтүү кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо
2.Жергиликтүү кенеште туруктуу комиссиялардын төрага мучөлөрүн дайындоо
3.Ар кандай маселелер
Отурумду жергиликтуу кенештин 6-чакырылышынын төрагасы Нурдасан Кулматов ачып берди. Жаңы келген жергиликтүү кеңештин депутаттарына ийгилик каалап өттү. Андан кийин айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев буга чейинки аткарылган иштер боюнча тааныштырды.Кийинки кезекте депутаттар тарабынан эсептөө комиссиясы тузулду.Депутаттардын добушу менен жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо жабык добуш берүү менен өттү. Депутаттар тарабынан эки талапкер көрсөтүлгөн болчу.Жыйынтыгында депутаттардын 11 добушу менен жергиликтүү кеңештин төрайымы болуп Назгул Тойгонбаева шайланды. Мурунку төрага ийгилик каалап төрайымга ордун берди. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин төрайымы ыраазычылыгын төмөндөгүдөй билдирди:

Жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгүл Тойгонбаева.
«Мен сиздердин колдооңуздар менен төрайым болуп шайландым. Жалпы баарыбыз элдин колдоосу менен депутат болуп келдик.Эми элдин ишеничин актаганга аракет кылалы.Баардыгыбыз биргеликте ынтымакта иш алып барабыз деген ойдомун. Жаны шайланган депутаттардын арасында баардык тармактардын өкүлдөрү бар экендигине кубанып жатам. Айылыбыздын өнүгүшүнө салымыбызды бирге кошуп жигердүү пайдалуу иштерди жасайбыз деп ойлоймун. Сиздерге ыраазычылык билдирем. Ден-соолук бакубат жашоо каалаймын. Өлкөбүздө тынччылык ынтымак болсун. Баардыгыңыздарга чоң рахмаат».
Кийинки кезектеги маселе катары төрайымды шайлоо болду. Эки талапкер көрсөтүлдү. Анын бирөө дагы айым депутат болду. Депутаттардын ачык добуш берүүсү менен Чейнекеева Тилек айым шайланды.

Жергиликтүү кеңештин төрайымынын орун басары Тилек Чейнекеева.
7-чакырылыштагы жергиликтүү кеңешке айымдардын келүүсү төрайым орун басар айымдардан болушу жакшы жаңылыктардан болду. Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев оюн билдирди:

Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев.
«Жаңы шайланган жергиликтүү кеңешке 7 айым депутат болуп келди. Бизде буга чейин айым депутаттар болгон эмес. 7-чакырылышка айымдардын депутат болуп келүүсү жакшы жанылык болду. Эң кызыгы жергиликтүү кеңешке төрайым дагы орун басар дагы айымдардан шайланды. Эми тең салмактуулук болду деп ойлойм. Айымдар дагы көп маселелерди көтөрүп чыгышат.Андан тышкары эне катары коомго көп пайдалуу иштерди жасаганга аракет кылышат. Жергиликтүү кенеште айымдар чоң орунду ээлейт. Биргеликте ынтымакта иш алып барабыз деп ойлойм. Баардыгына ийгилик каалайм».
Кезектеги маселе болгон жергиликтүү кеңештеги туруктуу комиссиялардын төрага мүчөлөрү дайындалды.Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңеште төрт туруктуу комиссия иш алып барат. Алар бюджеттик, агрардык, админстративдик, социалдык комиссиялар болмокчу. Ар кандай маселелер катары депутаттардын этикасы журум-турум эрежелери каралды.
Бул материал Фридрих Еберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды .Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Азиза Тамчиева.