Суусамыр өрөөнүнүн эли мал чарбачылыгы менен кун өткөрүшөт.Андыктан малдарды жайыт менен багып келишет.Ошондуктан жайыттарга баруучу жолдордун абалы жакшы болушу шарт.Бул жагын эске алып Суусамыр айыл өкмөтүнүн жайыт комитети Айыл өкмөтү менен биргеликте жолдорду оңдоп түзөө иштерин колго алышкан.
Бул боюнча Суусамыр айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Зоодан Асаналиев өз ойун төмөнкүдөй билдирди:

Суусамыр айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Зоодан Асаналиев.
«Суусамыр айылында жайыттарга баруучу жолдордун абалы анча жакшы эмес. Биз колубуздан келишинче жолдорду оңдоп түзөп келебиз.Жакында эле Каракол жана Жоо- Жүрөк Ак Суу жайлоолоруна кетүүчү жолдорду оңдоп сүрдүрүп, эки жерге сууга көпүрө куруп келдик.Жалпысынан 50 чакырым жол сүрдүрүлүп, 150500 сомдук каражатка жумуш бүтүрдүк. Муну менен эле иштер бүттү дегенге болбойт. Дагы да жасалчу иштер көп. Малчылардын жайлоодон аман-эсен көчүп келип алуулары үчүн жайыт комитети мүмкүн болушунча шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып келебиз.»

Жумуш учурунда.
Азиза Тамчиева.