«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Жаңы ФАП курулуп пайдаланууга берилди.

25 Август 2021 жыл 16:56
Көрүүлөрдүн саны: 150

Пандемия шартына байланыштуу жер-жерлерде иштеген саламаттык сактоо мекемелерине көбүрөөк көңүл бурулуп жаңы ооруканалар курулуп баштады.Ошонун бири Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылына да жаңы фельдшердик-акушердик пункт курулуп пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов билдирди:

Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов.

“Суусамыр айыл өкмөтү Кызыл-Ой айылына ФАПтын жаңы имаратынын курулушун 2021-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү мерчемине киргизген. Курулуш келишими 2021-жылдын апрель айында түзүлгөн.Курулуш иштерин “Внешторгпромстрой” ЖЧКсы жүргүздү.Жалпы чыгым 2759020 сомду түзөт, анын ичинен 2435807 сому Чуй областтык өнүктүрүү фондунан, 323600 сому Суусамыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 383600 сомго кошумча жумуштар аткарылды.ФАПтын курулушу –жеңил конструкциялардан курулган бир кабаттуу имарат.Канализация суу түтүгү жана электр энергиясы орнотулган”.

ФАПтын ачылыш аземи Чүй облусттук админстрациясынын өкүлдөрү, Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы,Суусамыр айыл аймактык ооруканасынын жетекчиси,айылдык кеңештин депутаттары жана айыл тургундарынын катышуусунда болуп өттү.ФАПта иштегендер үчүн дагы чоң кубаныч болду.Бул туурасында Кызыл-Ой айылында ФАПта иштеген медайым Сейдегүл Үркүнчиева кубанычын төмөндөгүдөй бөлүштү:

ФАПтын медайымы Сейдегул Уркүнчиева.

“Биз аябай кубанып турабыз. Мен ушул жерде 28-жылдан бери иштеп келем.Буга чейин эскилиги жеткен тар шарты жок имаратта иштеп келгенбиз.ФАПта эки медайым иш алып барабыз.Пандемия шартында жаңы ФАП курулганына ыраазы болуп турабыз.Баардык шарты бар таза,жарык, кенен иштегенге ыңгайлуу болуп калды. Айыл элинин саламаттыгы үчүн ушундай жакшы шарттарды түзүп жаткан өкмөт жетекчилерине ыраазычылык билдирем. Элибиздин саламаттыгына ар дайым кам көрүп келебиз.Элибиз аман болуп оорубасын».

Бул материал Фридрих Еберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды.Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Азиза Тамчиева.