«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Аудио: Жергиликтүү кеңештин сессиясында каралган орчунду маселе.

27 Август 2021 жыл 18:42
Көрүүлөрдүн саны: 207

Жергиликтүү кеңештин сессиясында күн тартибинде кандай орчундуу маселе каралды .Алдыдагы «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыздар.

Айылдык кеңештин сессиясында күн тартибинде кандай орчундуу маселе каралды деп жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгул Тойгонбаевага  кайрылдык.

Назгул Тойгонбаева:»Бизде күн тартибинде көтөрүлгөн маселе айыл элинин өтүнүчү боюнча биздин жерден казылып алынган алтын маселеси коюлган.Биздин эл алтынды каздырбайбыз.Эгерде каза турган  болсо элге жардам катары Айыл өкмөтүнө  соц пакет төлөп беришсин деп жатышат.Биз депутаттар ушул маселени сессияга алып чыгып талкууладык.Алтын казуучу ишкананын өкулдөрүн чакырып сунуш киргиздик.Элдин талабын айттык».

Жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгул Тойгонбаева.

Айыл тургундары да каршылыктарын билдиришкен.Сессияда депутаттар өздөрүнүн сунуштарын  төмөнкүдөй киргизишти.Бизге элге жардам катары 1.50000 сомдук соц пакетти төлөп беришсин. Комиссия түзүп көзөмөл жүргүзөбүз.Бул сунуштарды алтын казуучу ишкананын өкүлдөрү кабыл алып бир жумада жообун бере турган болушту.

 

Бул материал Фридрих Еберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды.

Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт. 

 

Азиза Тамчиева.