«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр:Отурумда мектептердин даярдыгы талкууланды.

9 Сентябрь 2021 жыл 16:41
Көрүүлөрдүн саны: 145

Суусамыр айыл өкмөтүндө айылдык кеңештин 5-кезектүү отуруму болуп, орчундуу маселелер катары мектептердин даярдыктары талкууланды. Отурумга 14 депутат катышты. Андан тышкары Айыл өкмөтү жана  айыл ичиндеги мектептердин   жетекчилери катышышты.

Отурумда кандай маселелер каралгандыгы   тууралуу жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгүл Тойгонбаева төмөндөгүдөй  билдирди:

Жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгул Тойгонбаева

«Биз  бүгүн планга ылайык 5-кезектүү отурумга чогулдук. Анткени отурумда айыл ичиндеги мекеме жетекчилеринин маалыматтарын угуу маселелери  каралган.  Ар бир айылдагы мекемелердин жетекчилери маалыматтарын беришти. Депутаттар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү  жоопторун алышты. Азыр мектептердин ачылышына карата мектеп жетекчилигинин даярдыктары мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү  тууралуу уктук.Мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү тууралуу окуучулардын ата-энелеринен кайрылуу болгон. Ошол себептен мектеп жетекчилигинин маалыматы керек болду. Каралган маселелер боюнча аткаруу бийлигине жана  ар бир тийиштүү тармактык комиссияларга тапшырмалар берилди. Андан тышкары ар бир комиссияларга келип түшкөн кайрылуулар арыз даттануулар тууралуу иштерди карадык.Каралган маселелерди чечүүнү айыл өкмөтү менен биргеликте аракет кылабыз».

Отурумда мектеп жетекчилери жаңы окуу жылына карата даярдыктары жана азыркы учурдун көйгөйүү болгон  мугалимдердин  эмдөөдөн өтүүсү тууралуу маалыматтарды беришти.Бул тууралуу мектеп директору Азамат Кашкариев төмөнкүдөй билдирди:

Мектеп директору Азамат Кашкариев.

«Биздин Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби жаңы окуу жылына окуучуларды кабыл алууга даяр десем болот.Азыркы бизде көйгөй мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү болуп жатат. Мектепте 38 мугалим эмгектенет. Азыркы убакта ар кандай оорулары бар болуп эмдөө албагандар да болуп жатат. Ата-энелердин кооптонуп жаткандыгын эске алабыз. Вакцина алуу ар бир жарандын өзүнүн каалоосу экенин дагы унутпашыбыз керек.  Учурда 20  мугалим эмдөөдөн өттү. Бизге Жайыл райондук санэпид станциядан билдирүү келген.Ал жерде  10-сентябрга чейин убакыт берилген. Мугалимдердин  70 пайызы эмдөөдөн өтсүн деген.  Ошол себептен дагы окуу жылы 15-сентябрьга чейин жылдырылды. Эки күндөн бери жакшы көрсөткүч болуп жатат.Мугалимдер барып эмдөө алып жатышат».

Отурумдагы эмдөө маселеси боюнча мугалимдерге да кайрылдык. Бул боюнча Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча жетекчиси Гулмира Абдылдаева:

Мектептин мугалими Гулмира Абдылдаева.

«Мен өзүмдүн  үй-бүлөөм жана дагы окутуп жаткан окуучуларымдын ден-соолуктары үчүн эмдөөдөн өттүм. Вакцинанын эч кандай терс жактарын байкаган жокмун.Ден-соолугумда эч деле өзгөрүү болгон жок.Вакцинаны жакшы көтөрдүм окшойт.Эмдөөнү эч коркпостон алыңыздар демекчимин.Эмдөө менен биз ооруну алдын алабыз-деди».

 

 

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды.Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

 

Азиза Тамчиева.