«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр эли арпа түшүмүн ала элек…

25 Сентябрь 2021 жыл 15:39
Көрүүлөрдүн саны: 94

Суусамыр өрөөнүнүн айдоо жерлерине эл көбүнчө арпа себишкен. Климатка байланыштуу  70% арпа кеч бышып жаткандыгынан эл түшүм ала элек.

Суусамыр айыл аймагынын тургуну Исланбек Чупоев арпанын бышышы жайлап жаткандыгын билдирди:

Суусамыр айыл аймагынын тургуну, жеке ишкер Исланбек Чупоев

« Суусамыр айыл аймагынын көбү сырт жактан арпанын уруктарын алып келип сепкенбиз. Аба ырайынын сууктугуна байланыштуу, арпа себилгенден кийин 30% биринчи бышып көтөрүлдү. Калган 70% кеч бышып жатат. Сепкен арпабыз эки түрдүү болуп калды. Биз чапканга чейин биринчи бышкан арпа куурап жерге түшүп жараксыз болууда.

Быйыл арпанын баасы 18 сомдон болуп жатат, былтыр килограммы 10 сомдон болгон. Арпаны чабууда техникалар жетиштүү эле келип жатат».

Жергиликтуу кенештин төрайымы Назгүл Тойгонбаева 70% арпалардын кеч бышып жаткандыгына байланыштуу, чабууга айыл өкмөт тарабынан жетиштүү техникалар алынып келингендигин төмөндөгүдөй билдирди:

Жергиликтуу кенештин төрайымы Назгүл Тойгонбаева

«Суусамыр өрөөнүндө былтыркыга салыштырмалуу түшүм жакшы болуп жатат. Бирок көп элдин сепкен арпалары бышпай чабуу процесстери бир, эки жумага кеч жылдырылып жатат. 70% арпанын бышпагандыгынын себеби жаз айынын кеч келиши, аба ырайынын сууктугу болду деп ойлойм. Кээ бир элдер арпаларына дары дармектерди септирип жатышат. Мындан тышкары айыл өкмөт тарабынан арпа чабууга колдорунан келишинче техникалар жетиштүү алынып келинди.»

Суусамыр айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Зоодан Асаналиев Суусамыр өрөөнүндөгү айдоо жерлеринин жалпы саны тууралуу маалымат берди:

Суусамыр айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Зоодан Асаналиев

«Суусамыр айыл аймагында жалпы 11982 гектар айдоо жери бар. Бул жердин 8000 гектар жерге арпа айдалса, 3919 гектар жерге эспарцет айдалган.

Пандемияга байланыштуу жер айдоодо үзгүлтүктөр болгон жок. Эл акчаларына жараша арпа айдашат, кээ бири айдоо жерлерин ижарага беришет».

Айдана Токтобекова