Жаңы окуу жылынын башталышы мектептеги жакшы өзгөрүүлөр менен башталды. Суусамыр айыл аймагындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебине Айыл өкмөтү тарабынан көзөмөл жүргүзүү камералары орнотулду. Бул мугалимдер жана окуучулар үчүн күтүүсүз жаңылык болгондугун Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов айтып өттү.
«Биздин айылдагы мектепке көзөмөл жүргүзүү камераларынын коюлушу жакшы жаңылык болду. Биз мугалимдердин жана ата-энелердин талабын эске алып, мектепке көзөмөл жүргүзүү камераларын коюуп бердик.Жергиликтүү бюджеттен 100000 сом каражат бөлүнгөн.Жалпы 13 даана көзөмөл жүргүзүү камералары орнотулду.Айыл өкмөтү тарабынан тендер жарыяланып, август айында өтүп, «Каллакси» ЖЧКсы утуп алып бизге камераларды алып келип коюуп берип кетишти».Жаңы окуу жылынын башталышы менен камераларды коюуп азыр иштеп жатат».
Мектеп ичиндеги болуп жаткан тартипсиздикти алдын алуу жолу катары камералардын коюулушуна мектептин мугалимдери да ыраазы экендигин билдиришти.Алардын бири башталгыч класстын мугалими Жийде Кулуева мындай деди:

Башталгыч класстын мугалими Жийде Кулуева.
«Камералар коюулуп окуучулар үчүн мугалимдер үчүн дагы жакшы иш болду.Эми окуучулар мектеп ичинде көзөмөлгө алынып турат.Ар кандай зордук зомбулукту кылмыштуулукту алдын алуу жана көзөмөл жүргүзүүгө шарттар түзүлдү десем жаңылышпайм.Окуучулардын тартип бузуулары көзөмөлдөнүп турат.Окуучулардын коопсуздугу үчүн дагы жакшы болду».
Мектепке камералардын коюулушу ата-энелер үчүн дагы жакшы жаңылык болгондугун айтып жатышат.Бул туурасында айыл тургуну Нурзат Райымбекова өз ойун билдирди:

Айыл тургуну Нурзат Райымбекова.
«Менин неберелерим окуйт. Мектепке камералар коюулуп балдардын коопсуздугу үчүн жакшы болду.Кубанып жатабыз.Ээнбаштык тартип маселесине көңүл бурулуп калат деп ойлойм.Эмне болуп жаткандыгын баардыгы мугалимдин мектеп жетекчилигинин көзөмөлүндө болот».
Камералардын коюулушу окуучулар үчүн дагы жаңылык болгондугун Суусамыр орто мектебинин 8-классынын окуучусу Амантур Мырзабеков айтып берди.
«Биздин мектепке камера коюулганы биз үчүн жаңылык болду.Эми мурункудай ээнбаштык кылуудан кооптонуп калдык.Бизди эми директорубуз камерадан көрүп турат.Мындан ары мектептин ичинде тартип бузгандар азаят болуш керек деп ойлойм».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы фонду тарабынан колдоого алынды.Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.