«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Аудио: Суусамыр айылында арпанын түшүмү орточо деп бааланууда.

30 Сентябрь 2021 жыл 16:50
Көрүүлөрдүн саны: 148

Суусамыр айыл аймагы боюнча ооруп-жыйноо иштери жылдагыга караганда кечигип жатат. Анткени жазында аба-ырайынын кургак болушу жана жаздын кеч келиши себеп болууда.Бирок түшүмдүн баасы жогору болууда.Быйылкы жылдагы арпанын түшүмү кандай жана канчага бааланууда алдыдагы ачык өкмөт уктуруусунан уга аласыздар.
Айыл тургундары да арпанын түшүмүнүн орточо экендигин жана баасы жогору болуп жаткандыгын айтышууда.

Айылда арпа айдап кошумча киреше тапкан айымдар да бар. Алардын бири Элмира Такырбашева да быйылкы түшүмү тууралуу айтып берди.

Айыл тургуну Элмира Такырбашева.

«Мен кошумча киреше булагы катары жылда арпа айдайм. Быйыл дагы арпабызды чаап жыйнап алдык уулум экөөбүз. Буйруса жакшы болду. Саманын сатып кеткен чыгымды жаап алдым»-деди.
Азыркы убакта айыл боюнча арпанын канча пайызы жыйналгандыгын Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов мындайча билдирди:

Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов.

Суусамыр айыл аймагы боюнча 7949 гектар жерге арпа айдалган.Анын 4380 гектары азыркы убакта чабылып бүттү. Орто эсеп менен 18-19 центнердин тегерегинде түшум алып жатышат.Жалпы 60% жыйналып бүттү-деди.

 

 

Бул материал Фридрих Эберт атындагы фонду тарабынан колдоого алынды.Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Азиза Тамчиева.