«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр:Кулаган көпүрөнү калыбына келтирүү иштери кечигип жатат.

19 Октябрь 2021 жыл 13:55
Көрүүлөрдүн саны: 145

  Суусамыр айылындагы Көкөмерен дарыясына курулган көпүрө ушул жылдын август айында кулап калган. Курулганына көп убакыт болбой жатып көпүрөнүн кулап калышы тургундар үчүн табышмак болду. 

Кулаган көпүрөнүн көрүнүшү.

Көпүрөнүн кулап калышы мал-жандыктарын айдап өтүүдө жана эгин бышып, чөп жыйналып жаткан убакта айыл тургундарына бир топ түйшүктү алып келди. Андан бери 2-ай  өтсө дагы кайра калыбына келтирүү иштери болбой жаткандыгын айыл тургундары айтып жатышат.Айыл тургуну Бактыгул Эркинбековна көпүрөнүн жоктугу  ошол жердеги тургундардын  жашоосуна  кедергисин тийгизип жаткандыгын белгиледи:


“Мен үй-бүлөөм менен Арамза участкасында турам.Бул жерде 10 чакты үйдө малчылыр мал багып жашашат.Айылга барыш үчүн чоң сууну кечип өткөнгө туура келип жатат. Айрыкча балдарды суу кечиргенден коркобуз.Ал эми машина менен 1-Май айылын айланып каттап жатабыз.Убакыт көбүрөөк кетип калат. Бул жерде жайлоолор, айдоо аянттары,чөп чамынды жерлер бар. Аларга баруу үчүн тургундар  ушул көпүрө аркылуу катташчу. Эми суук түшүп келе жатат.Кыш түшкөнчө көпүрөнү оңдоп берсе деген ойдомун”-дейт
Буга чейин бул маселе Жогорку Кеңештин депутаты Конушбаев Тынчтык Кадырбекович тарабынан көтөрүлгөндүгүн жана Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына билдирүү жөнөтүлгөндүгүн Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов төмөнкүдөй билдирди:

Жогорку Кеңештин депутаты Конушбаев Тынчтык Кадырбекович.

«Биз көпүрө кулаган убакта эле тиешелүү жерлерге кайрылганбыз.Жогорку Кеңеште дагы каралып тиешелүү жерлерге тапшырмалар берилген болчу. Азыркы убакта комиссия келип жеринде көрүп, техникалар менен суунун нугун буруп кетишкен.Эми көпүрөнүн эмне себептен кулагандыгын комиссия карап текшерип жатат. Кайра калыбына келтирүү ишине акча каражаты которулса керек.Ошол себептен кайра калыбына келтирүү иши кечигип жатат.Бул көпүрө 2017-жылы эле  Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан курулуп ишке берилген болчу»-деди.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды.Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

 

Азиза Тамчиева.