«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Аудио: Суусамырда кышка даярдык кандай болууда.

25 Октябрь 2021 жыл 14:58
Көрүүлөрдүн саны: 180

Тоолорго кар түшүп күн сууктап калган убак.Элет жериндеги айыл тургундарынын кышка камылга көрүп жаткан кези. Суусамыр айылындагы айыл тургундарынын жана мекемелердин кышка даярдыгы тууралуу алдыдагы» Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыздар.

Суусамыр айылында кун сууктап калган убак. Бирок алигиче Суусамыр айылына көмүр сатуучулар келе электигин айыл тургундары айтып жатышат. Айылдын тургуну Чолпон Кулсариева:

Суусамыр айылынын тургуну Чолпон Кулсариева

«Биз азырынча көмүр ала элекпиз.Анткени айылга көмүр келбей жатат.Бизде кышында суук ошондуктан 5-6 тоннадан көмүр жагабыз.Азыр тезек отун менен үй жылытып жатабыз.Эми көмүр келип калса алабыз»-дейт.

Ал эми көмүр келсе дагы суроо-талап көп болуп, калбай калып жаткандыгын айылдын тургуну Улукбек Абдылдаев да белгилеп өттү.

Айыл өкмөтү тарабынан аз камсыз болгон жана социалдык жактан муктаж адамдарга көмүр берүү маселеси быйылкы жылга да каралып жаткандыгын Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык жактан жетектөөчү адиси Жыргалбек Бекжанов билдирди:

Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык жактан жетектөөчү адиси Жыргалбек Бекжанов.

«Биз быйыл дагы социалдык жактан муктаж адамдарга жана аз камсыз уй-бүлөөлөргө көмүр берүү маселесин  карап жатабыз. Көмүр берүү  акчалай түрүндө берилет. Депутаттар жана айыл башчылар менен биргеликте  карап калыс чечим чыгарып   бергени жатабыз».

Ал эми Суусамыр айыл аймагы боюнча мекемелер   айыл өкмөтү тарабынан көмүр менен  камсыз болгондугун Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Элмира Такырбашева билдирди:

Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Элмира Такырбашева.

» Биздин айыл өкмөт Суусамыр айыл аймагы боюнча  4-мектеп жана милиция бөлүмүнүн имаратын көмүр менен камсыз кылабыз.Бүгүнкү күндө мекемелерге көмүр түшүп жылытуу системалары иштеп жатат.Азыркы убакта мекемелер кышка толугу менен даяр».

Бул материал Фридрих Эберт атындагы фонду тарабынан колдоого алынды.Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Азиза Тамчиева.