«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү

10 Декабрь 2021 жыл 16:42
Көрүүлөрдүн саны: 194

Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинде 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата мектеп окуучулары тарабынан уюштурулган кече болуп өттү. Иш-чарада 8-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучуларынын өнөрлөрү тартууланды.

Бул тууралуу кыргыз тили жана адабият мугалими Чынара Байгазиева буларга токтолду:

К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Чынара Байгазиева

«Биз 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кече уюштурууну туура көрдүк. Кечеге 8-11-класстын окуучулары катышышты. Окуучулар тарабынан программа түзүлүп, аткарылды. Кечеде ыр, бий, көркөм окуу жана окуучулардын өзүнүн өнөрлөрү тартууланды. Улуу жазуучубуздун чыгармаларына дагы токтолдук».

 

 

Кечеге окуучулар активдүү катышышты

 

Азиза Тамчиева