«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Үй-бүлөгө көмөк каражаты жашаган жеринде гана берилет

4 Февраль 2022 жыл 16:59
Көрүүлөрдүн саны: 146

Суусамыр айыл аймагында үй-бүлө көмөк каражаты кандайча чектеле тургандыгын айыл өкмөтүнүн социалдык жактан жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу  Жыргалбек Бекжанов айтып берди.  

Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Жыргалбек Бекжанов

Суусамыр айыл аймагы боюнча социалдык үй-бүлөлөрдүн саны канча?
— Суусамыр айыл аймагы боюнча социалдык үй-бүлөлөрдүн саны 109. Анын ичинен өтө жакыр үй-бүлөнүн саны 63, жалпы 338 адам катталган, 4,7% берет. Жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 46, жалпы 119 адам, 3,5% берет. Жалпысынан соц паспорт 109 үй-бүлөгө ачылган, 457 адам 8,2%ды берет.

Жакыр үй-бүлөлөр кандай шартта аныкталат?
— Биздин айыл өкмөттө комиссия иш алып барат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл башчылар менен биргеликте иш алып барабыз. Атайын мамлекет тарабынан иштелип чыккан токтомдор бар. Ошонун негизинде аныкталат. Бул үй-бүлөлөрдүн кирешелери аныкталат. Алардын мал-мүлкү, жери, иштеген иши, жана дагы саап жаткан уйунун сүтү дагы эсептелет. Комиссия менен биргеликте жеринде текшерилип акт түзүлүп, биздин талапка жооп бере турган болсо гана жакыр үй-бүлө деп эсептелинет. Ошондон кийин гана үй-бүлө көмөк акча каражаты чектелет. Үй-бүлө көмөк 6 айдан 12 айга чейин чектелүүчү акча каражаты. Үй-бүлө көмөк төрөлгөндөн баштап 16 жашка чейинки балага гана чектелет. Суусамыр айылында бир балага 1215 сом, бизде бийик тоолуу аймактын пайызын кошкондо.

Ал эми кандай үй-бүлөлөр 6 айга чыгат?
— Бул жер үлүшүн албай калган жана эч жерде иштебеген үй-бүлөлөр. Ал эми жер үлүшү болсо 12 айга чейин чыгат. Биздин айыл өкмөттө көбүнчө үй-бүлө көмөк менен иш алып барабыз.

Жакыр үй-бүлөлөрдүн тизмеси жыл сайын жаңыртылып алмашып турабы?
— Ооба бизде үй-бүлө көмөк алты ай сайын каралып турат. Алыскы айылдарда айыл башчылардан билип турам. Үй-бүлө көмөк алган үй-бүлө башка жакка көчүп кеткен жокпу деп билип турабыз. Себеби үй-бүлө көмөк жашаган жеринде гана берилет. Башка жакка көчүп кете турган болсо бул каражат токтотулат. Ошон үчүн ай сайын текшерип карап турабыз. Ал эми соц паспорттогу үй-бүлөлөр жыл сайын каралат. Алардын кирешелери эсептелинип турат. Эгерде алардын кирешелери жогорулап көбөйө турган болсо анда соц паспорт жабылат.

Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан жакыр үй-бүлөлөргө кандай жардамдар берилип турат?
— Айыл өкмөт тарабынан көптөгөн акчалай жардамдар берилип турат. Мисалы 3-декабрь майыптар күнүндө майыптарга жана ДЦП менен ооруган балдарга 1000 сомдон берилди. Андан тышкары азык-түлүк, көмүр дагы берилип турат.

Быйылкы жылы көмүргө канча каражат берилди?

-Быйыл көмүргө ар бир үй-бүлөгө 2000 сомдон акчалай жардам таратылды. Бизде Суусамырда көмүргө муктаж болгон аз камсыз үй-бүлөлөр көп. Анын баарына каражат жетпейт . Ошол себептен жылына кезек менен беребиз. Жылына бир эле үй-бүлө ала бербейт.

Социалдык жактан колдоого алган уюмдар дагы бар. Кандай уюмдар менен иш алып барасыздар?

-Бизге Кыргызстандагы “Кызыл Жарым Ай” коомунан жардамдар келет. Алардан азык-түлүк, кийим-кече, үй жылытуучу жабдыктар келди. Андан тышкары араб элинен жардамдар келет. Биз аны комиссия менен биргеликте карап тизме менен бөлүштүрүп беребиз. Араб элинен көбүнчө көмүр 10 каптан ар бир аз камсыз үй-бүлөгө берилди. Жалпысынан 30 тоннадай көмүр берилди.

Суусамыр айыл өкмөтү даталуу күндөргө карата кандай иш чараларды уюштурат?

— Карылар күнүндө Суусамыр айыл аймагы боюнча карыларды чакырып сый тамак уюштурдук. Андан тышкары 80 жаштан ашкан карыларыбызга 500 сомдон акчалай таратылып берилди. Майыптар күнүнө карата дагы мүмкүнчүлүгү чектелген 1 группадагы майыптарга жана кичинекей балдарга акчалай жардамдар берилди.

Жылдын башында айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп турабы?
— Ооба жылдын башында ар кандай иш чараларга, социалдык маселелерди чечүүгө карата акча каражаты каралат. Спортко дагы көңүл бөлүнүп акча каражаты берилип турат. Андан башка декабрь айында эле багуусунан ажыраган үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге жана аталарга 1500 сомдон акча каражатын тараттык. Жалгыз бой жашаган кары адамдарга да материалдык жактан жана дагы социалдык колдоо көрсөтүп келебиз.

Суусамыр элине кандай кайрылуу жасайт элеңиз?

— Суусамыр элине маалымат катары айта кетсем үй-бүлө көмөк албаган чыныгы жакыр үй-бүлөлөр болсо келип айыл өкмөтүнө кайрылсаныздар демекчимин. Анткени, кээ бир адамдарга маалымат жетишпей калышы мүмкүн. Ошол себептен келип кайрылсаңыздар жардам бергенге мүмкүнчүлүк болот эле.

Азиза Тамчиева