Жаздын келиши менен мал төлдөтүү учуру башталат. Ошол төл убагында адамдар үчүн ар кандай эрежелерди сактоо керек. Мисалы, эң эле жөнөкөй кол кап жана атайын формалар керектелет.
Бул туурасында Суусамыр айылындагы ветеринардык кызматтын врачы Мырзабек Акылбеков айтып өттү:
Суусамыр айылдык ветеринардык кызматтын врачы Мырзабек Акылбеков
«Мал төлдөп жаткан кезде эң негизгиси өздүк гигиенаны сакташ керек. Анткени малдан жугуучу оорулар көп. Мисалы, бруцеллез, сибир жарасы, туберкулез жана башка ооруларды жуктуруп алышы мүмкүн. Атайын кийимдерди халат резина өтүк, резина кол кап кийиш керек. Мал туугандан кийин кийимдерди чечип, колду тазалап жууп анан тамактаныш зарыл.
Малдын чөбүн алып атайын чуңкурга таштап көмүү керек болот. Анткени аны иттер ары бери сүйрөп салып, ар кандай оорулардын жугушуна себепкер болушу мүмкүн. Малчыларга айтар кеңешим, төл убагында 16 жашка чейинки балдарды аралаштырбоо зарыл. Себеби, жаш балдар үчүн кооптуу.
Жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу көбүрөөк. Алар байкабастан малдын чөбүн колдору менен кармап алышы мүмкүн. Ошондуктан төл убагында абдан этият болуп, атайын кийимдер жана каражаттарды колдонуу керек. Малдын чөбүн атайын шиштер менен алып, ордун тазалап коюш керек», -дейт.
Ал эми айылдагы малчылар ушул эрежелерди сакташабы деп кайрылып көрдүк.
Урмат Эркегулов айыл тургуну
Суусамыр айылынын тургуну Урмат Эркегулов мындай деди:
«Айыл эли көбүнчө мал чарбасы менен алектенишет. Андыктан мал төлдөткөндө көп нерселерди эске алышыбыз керек. Биз деле эрежелерди сактаганга аракет кылабыз. Санитардык гигиеналык эрежелерди сактап, колду таза самындап жууп, кол кап кийебиз. Ветеринардык-санитардык эрежелерди сактоо зарыл. Малдан ар кандай жугуштуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу бар. Андыктан төл маалында өтө этият болушубуз керек болот».
Азиза Тамчиева