Элет жериндеги элдин саламаттыгы үчүн кам көргөн ар бир айылда ооруканалар болушу шарт.Өзгөчө дүйнөдө пандемия шартында жарандардын ооруканаларга муктаждыгы жаралды.Мына ушул ооруканалар баардык шарттары жана жабдуулары менен болсо жакшы болмок.Бирок айрым айылдарда жаңы курулган ооруканаларда көптөгөн көйгөйлүү маселелер чечилбей жаткандыгы айтылып келет.Биздин Суусамыр айыл аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекова аймактык ооруканадагы кандай көйгөйлөр бар экендигин айтып берди:

Суусамыр айыл аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекова.
“Биздин ооруканадагы негизги көйгөйлүү маселе кадр жетишсиздиги болуп эсептелет.Азыркы учурда ооруканада үй-бүлөөлүк дарыгерлердин тобу жетишсиз.Врачтарыбыздын көбү пенсионерлер эмгектенишет. Жаш кадрлар келсе жакшы болмок. Бул боюнча министирликке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы кайрылып жатабыз. Оорукана 2 кабаттуу жаңы салынган.Ооруканада медициналык аппараттар жокко эссе.Ошол үчүн айыл тургундары Райондук ооруканага барууга туура келет. Андан тышкары рентген аппараты жана стоматологиялык машина жабдуусу менен керек болуп жатат. Бизде беш айылда ФАПтарда бирден гана фельдшерлер иштешет.Андыктан айылдарды кыдыра турган стоматологиялык машина зарыл болуп келет.Ооруканада узи аппараты бар бирок, иштегенге адис жок болуп жатат. Биздин оорукананын лабораториясын дагы кеңейтсек деген оюубуз бар.Азыр бизде клиникалык гана лаборатория иштейт. Тез жардам кызматынын имараты эскилиги жетти.Ошол жакты дагы жаңылап алсак жакшы болмок.Мен ушул айтылган көйгөйлөрдү ишке ашырганга аракетимди кылып келе жатам.Баардык тиешелүү жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келем.Эми акырындык менен чечилип калат го деген ойдомун.Элибиздин саламаттыгы үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз.Ковид учурунда дагы көптөгөн жарандардан жардамдар болду.Элибизге ыраазыбыз».
Азиза Тамчиева.