«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Айылда жаштар көк бөрүчүлөрдү сыймыктануу менен тосуп алышты

13 Май 2022 жыл 16:48
Көрүүлөрдүн саны: 47

9- май Улуу Жеңиш күнүнө карата Баткен облусунда уюштурулган Көк бөрү турниринде жети облус арсында оюн болуп өттү. Жогорку лигадагы турнирдик финалда Сары Өзөн командасы менен Ынтымак командасы беттешип, Чүй облусунун Сары- Өзөн командасы жеңишке ээ болду.

Сары-Өзөн командасында Суусамыр өрөөнүнөн Рустам Тыналиев, Кубантай Султан уулу жана Фархад Бейшекеев оюн алып барды. Суусамыр жергесинин көк бөрү сүйүүчүлөрү оюнчуларды сыймыктануу менен тосуп алышты. Иш-чара «Суусамыр өнүктүрүү» фонду жана Суусамыр жаштары тарабынан уюштурулуп, ар кандай сыйлуу белектер менен сыйланышты.

Жолугуу учуру

 

Суусамыр көк бөрүчүлөрүнүн күйөрмандары чет элде дагы бар. Алардын бири атайын Рустам Тыналиевге жолугуу үчүн келген.

Рустам Тыналиевге жолугуу үчүн атайын Соң-Көлдөн бери келген Германиялык күйөрман элди таң калтырбай койгон жок

Атактуу көк- бөрү оюнчусу Рустам Тыналиев менен маек курдук:

Рустам Тыналиев, Кубантай Султан уулу , Фархад Бейшекеев (солдон оңго)

-Саламатсызбы жеңиш кут болсун!

— Саламатчылык рахмат!

— Жеңишке ээ болгондон кийинки сезимдериңиз менен бөлүшө кетсеңиз?

— Жеңиштен кийинки сезим өтө башкача болду. Утканыбызга өзүбүз дагы ишенип- ишенбей жаттык. Чынында ушунча көп эмгек жумшагандан кийин, эмгегиң кайтса абдан жакшы экен. Оюнга чейинки көп убакыт үй-бүлөңдү көрбөй, балдарыңды сагынып кыйналган күндөрүбүз текке кетпегендиги адамды сүйүндүрдү.

-Оюн учурунда кандай жаркат алуу көп болот?

-Оюн учурунда көбүнчө буттан жаракат алабыз.

-Көк бөрү оюнуна катышууңузга үй-бүлөңүздүн көз карашы кандай?

-Чынында үй-бүлөм менен жаракат алган учурлдарда оюнга башка катышпай коюумду суранышат

— Көк бөрү оюнун жыйынтыктооюңузда барбы?

-Чынында өзүм дагы ойлонуп жүргөм. Бирок мына ушу күнү тыштайм деп чечим кабыл ала элекмин. Убагы келгенде жыйынтыктайм

-Көк бөрү оюнуна жаш муундан кызыккандар барбы. Тагыраак айтканда орун басарлар барбы?

— Оба кызыккандар жылына көбөйүүдө. Келечек муунга биз дагы колубуздан келген жардамыбызды беребиз

-Маегиңизге рахмат!

 

 

Айтурган Кушкарбекова