«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: 14 -май Эл аралык медайым жана фельдшер күнү

17 Май 2022 жыл 17:23
Көрүүлөрдүн саны: 136

14- май Эл аралык медайым жана фельдшер күнүнө карата Суусамыр айылында медайымдар жана фельдшерлер арасында спорттук таймаш болуп өттү. Иш-чара ар кандай оюн-зоок жана суроо жооп тапшырмалары менен коштолду. Оюндун натыйжасында эки тарап теӊ жыйынтыктоочу балл чогултуп, эки команда теӊ жеӊишке жетишти. Таймаштын соӊунда оюнчулар грамота менен сыйланышты.

 

Сыйлык тапшыруу аземи

Иш-чаранын соңунда айрым катышуучуларды күтүүсүздөн келген сыйлыктар кубандырды:

 

Айнура Терекбаева Кыргыз Республикасынын ардактуу медайымы төш белгиси менен сыйланды

 

Оюндун соңунда Суусамыр айылдык ооруканасынын башкы даарыгери Бурулкан Турсунбекова менен маек курдук:

Айнура Терекбаева, Бурулкан Турсунбекова (оңдон солго)

 

— Саламатсызбы? Бүгүнкү иш-чара ким тарабынан уюштурулду?

— Бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучусу Суусамыр айылдык ооруканасы өзүбүз болдук. КРПМБА тарабынан каржыланды. Бүгүнкү мелдешти уюштурганыбыздын себеби, көңүлдөрүн көтөрүп, жакшы маанай тартуулоо болду.

-Иш-чаранын жүрүшү туурасына кененирээк токтолсок…

-Таймаштын программасына токтолсок анда аркан тартышмай, топ салмай, кол күрөш ушу сыяктуу оюндар болду анан жыйынтыгында өздөрүнүн ишине байланыштуу тест дагы алдык.

-Иш-чаранын соңунда катышуучулар көптөгөн белектерди алышты, арасынан төш бели алгандар дагы болду, ошо тууралуу айта кетсеңиз?

-Грамоталар өзүбүз КРПМБА тапшырдык жана ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эки медайымыбыз «Саламаттыкты сактоонун отличниги » деген наам менен сыйланышты. Дагы бир мед айымыбыз медайымдар ассоциациясы тарабынан «Улуу мед айым» деген төш белгиси менен сыйланды.

-Бүгүнкү таймаш сизге кандай таасирин калтырды?

— Эң жакшы болду. Кыздарыбыздын дагы көңүлдөрү көтөрүлүп, жакшы маанайда кетип жатабыз.

-Маегиңизге рахмат!

 

Айтурган Кушкарбекова