Суусамыр айыл аймагында акыркы жылдары сүт менен оокат кылган тургундардын саны көбөйдү.
Бирок ошол сүттү ээринбестен таң эрте туруп, жергиликтүү элге кошумча каражат табууга көмөктөшкөн Иманбекова Калбү эжекебизден сүт менен иштөөнүн кыйынчылыктары туурасында маек курдук:

-Саламатсызбы?
— Саламатчылык
-Суусамырда сүт менен ишкердүүлүктү баштоо идеясы кайдан келип чыкты?
— Негизи башында сүттөн башка көп жеке бизнестер менен иш алып барганбыз, бирок тилеке каршы ал иштерибиз ийгиликке жетишкен жок. Кийин сүт менен иштөө оюн жолдошум айтып калып ошонун негизинде баштап калдык.
— Сүт менен иштөөдө кыйынчылыктар болобу?
— Оба сүт менен иштөөдө ар кандай кыйынчылыктар болот. Мисалы таң атпай туруп сүттөрдү чогултуп, аларды кайра өткөрүп келиш керек болбосо ирип жарабай калат. Сүттү алууда майлуулугун дагы текшерет, тилеке каршы Суусамырдын сүтүнүн майлуулугу аз себеби кээ бирөө суу кошуп салса , кээ бирөө сүттү тартып анан өткөрүп жиберишет. Кийин биз сүттү өткөрүп жатканда ошнун баарын текшерип туруп анан сүттүн баасын төмөндөтүп алып коюшат.
— Бир күндө канча тонна сүт чогултасыз?
— Бир күндө бир тоннадан ашык сүт чогултулат
— Бир айдын ичинде сүттүн баасы жети сомго төмөндөп кетти, ошого эмне себеп болду?
— Негизи биз сүттүн баасын баштапкы баасында кармайбыз деп болгон аракетибизди жумшадык, бирок тилеке каршы Кара Балтанын заводу бааны түшүрүп салды ошол себептер менен сүттүн баасы түшүп кетти. Себеби биз билебизда азыркы учурда жергиликтүү элдин көбү сүт менен оокант кылат
— Чогултулган сүт кокус жарабай калган учурлада кандай кыласыздар?
— Андай учурлар болгондо айла жок болгон сүттүн баарын кайра үйгө алып келип сүзмө кылып сатабыз, эгер тартканга жараса, анда сары май куюп кереке жаратабыз.
— Суусамыр айылына сүт заводунун курулушуна кандай карайсыз?
— Негизи айылга сүт заводу курулса бизге дагы, элге дагы жакшы болмок, себеби Кара Балтага барып өткөгөндө жол алыс күйүүчү май кымбат ошол себептпр менен сүттүн баасы шаар жергесине салыштырмалуу арзан дагы. Эгер айылга завод курула турган болсо анда сүттүн дагы баасы көтөрүлмөк. Каалагандар заводдун өзүнө барып өткөрүп, бир топ жеңилдиктер болмок.
-Суусамыр айылынын канча пайызы сүт өткөрөт?
— Менин билишимче токсон пайызы сүт менен оокат кылат.
— Маегиңизге рахмат!

жеринен барып маек курдук
Жергиликтүү эл айылда жумушсуздук көп болгонуна байланыштуу үй тиричилик менен оокат кылат. Андыктан үйдө отуруп, сүт менен оокат кылып үй бүлөөсүн баккан жарандарыбыз дагы арбын. Сүт сатуу кандай мааниге ээ экендигин билүү үчүн жергиликтүү тургундар менен маек курдук:
-Сааламатсызбы?
— Саламатчылык
— Суусамырда сүт заводунун ачылышына кандай карайсыз?
— Суусамырда завод ачылса жакшы эле болмок себеби сүт алган байкелерибиз жол кирени чыгаруу максатында сүттү арзан алышат. Эгер айылга сүт заводу курулса балким сүт кымбатыраак болмок.
— Сизге сүт өткөргөн ыңгайлуубу же курут, май жасаганбы?
— Негизи жеке мен үчүн курут, сары май жазагандан пайдасы көбүрөөк себеби май, курутту сатып жегенден көрө балдарга озүм жазап берген пайдалуу. Бирок убакыттын жетишпегендигине байланыштуу жана кээде акчанын керек болуп калгандыгы үчүн сүт саткандын дагы пайдасы бар.
-Суусамыр айылында жалаң сүт менен оокат кылууга мүмкүнбү?
— Албетте болот себеби айыл жергесиндеги көп элдер азыр сүт сатып, жеке бизнеске айландырып алышты десем жаңылышпайм.
— Акыркы күндөрү сүттүн баасы дээрлик жети сомго төмөндөп кетти буга кандай көз карштасыз?
-Ооба бул азыркы күндөгү чоң көйгөй себеби сүттүн баасы түшкөнү менен сүт продукцияларын баасы жогорулап жатат, ошондуктан сүттүн баасын дагы көзөмөлгө алып беришсе жакшы эле болмок.
— Кээ бир жарандар сүт өткөрүп жатканда сүткө суу кошуп жиберишет ошого кандай көз караштасыз?
— Негизи мен ошого терс көз караштамын себеби сүт ташып иштеген адамдардын деле эмгеги талаага кетип жатат. Анткени аларды дагы сүт өткөрүп жатканда текшерет эгер норма бузуулар болсо алардын дагы сүтүнүн баасын төмөндөтүп алып коюшу мүмкүн
— Маегиңизге рахмат!
Айтурган Кушкарбекова