Көптөгөн жылдар бою Суусамыр элинин көгөйү болгон жайыт маселесин чечип берүү үчүн айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жеринен маселени чечүүгө Суусамыр айылына келди. Чогулушууга Жайыл жана Москва районунун айыл өкмөт башчылары, жана жергиликтүү эл катышты. Учурда көптөгөн жайын жерин ээлеп, жергиликтүү элге көгөй жараткан алытагананы түп тамыры менен жок кылуу иштери кызуу жүрүп жатат.

(Суусамырда алтыгананы тазалоо иштери журүп жатат)
Жыйында жайыт иштеринен тышкары айыл өкмөт башчылары көптөн бери айтылып, бирок бийлике жетпей жаткан көгөйлөрү тууралуу дагы көтөгөн маселелери менен кайрылып, Аскарбек Жаныбековдон жоопторун ала алышты.

( Жолугуу учуру)
Иш чаранын соңунда Аскар бек Жаныбеков Суусаымыр айылынан атйын жолугууга барган жарандар менен жолугуп, жергиликтүү элдин көгөйүн укту. Анда Суусамыр Өнүктүрүү фондунан барган жаштардын көптөгөн ой-пикирин угуп, көмөктөшөөрүн айтты

(Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков)