Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жаңы хирургиялык бөлүм ачылып, толук кандуу ишке киришип алгачкы операциялар жасала баштады. Эске салсак, Суусамыр айылы Бишкек шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Суусамыр элине хирургиялык бөлүмдүн ачылышы менен, анализ тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейди.
Айтурган Кушкарбекова