«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр айылында бала бакча ачылуу алдында турат

31 Август 2022 жыл 15:32
Көрүүлөрдүн саны: 50

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында бала бакчанын курулуш иштери аяктап, бөбөктөрдү кабыл алуу ишинин алдында турат. Беш миңге жакын калкы бар Суусамыр айылында буга чейин бала бакча жок болчу, мындан улам жумушу бар ата-энелерге ыңгайсыздык жаралып келген. Бала бакча жүз орунга ылайыкташкан, бирок ички эмеректердин жетишсиздигинен  улам, бала бакчанын ачылышынын так убактысы белгисиз болууда. 

Суусамыр айылындагы бала бакча

 

Бала бакчанын директору Миргул Чупоева менен маек курдук:

Миргүл Чупоева (бала бакчанын директору)

— Саламатсызбы кош келиңиз!

— Саламатчылык!

-Бала бакчанын ачылышы кайсы убакытка коюлуп жатат?

-Бала бакчанын азырынча так убактысы коюла элек

-Баасы чечилдиби?

-Баасын айыл өкмөт менен район биргелешип чечет, бул да белгисиз.

-Көп балалуу үй-бүлөлөргө жеңилдетүү барбы?

-Жеңилдетүүнүн түрлөрү бар, бирок көп балалууларга эмес

-Бала бакча канча балага ылайыкташкан?

-Бала бакча жүз бала ылайыкташкан.

-Спонсор барбы?

-.Спонсорлор бар. Буйруса биринчи спонсор болуп Кулуева Анара балдар ойноочу оюнчуктарды Эгемендүүлүк күнүнө карата алып келип берди.

-Бала бакчада канча адам эмгектенет?

-Бала бакчада жыйырма бир адам эмгектенет.

-Балдарды канча жаштан кабыл аласыздар?

-Үч жаштан баштап кабыл алабыз.

-Бош орундар барбы?

-Бош оорундар калган жок.

-Иштөө графиги кандай болот?

-Иштөө графиги 07:00 дон 17:00 го чейин.

-Маегиңизге рахмат!

 

Айтурган Кушкарбекова