Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин окуучулары 16-декабрда теннис боюнча райондук олимпиадага барышат. Окуучулардын райондук таймашка баруусуна каражатты Суусамыр айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен бөлүп берген. Окуучуларды таймашка даярдап жаткан машыктыруучусу Таштанбай Абдиев.
Даярдануу учуру
Районго оюнга катышуучулардын бири Амина Жаныбекова оюн тууралуу айтып берди:
«Мен теннис боюнча олимпиадага барам. Районго биринчи жолу барганы жатам. Районго жалпысынан 5 кыз, 5 бала барабыз, баарыбыз тең жеңиш менен келсек деп ниет кылуудабыз».
Муслим Тилекбеков