«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Мектеп, каникул

11 Январь 2023 жыл 15:41
Көрүүлөрдүн саны: 149

Жайыл  районунун Чүй облусуна караштуу  Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр айылынын 5 орто мектебинде  кышкы каникул катуу суукка байланыштуу 11-январдан 16-январга чейин узартылды. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрилиги тарабынан билдиришти. Суусамыр айылында Кыргыз Гидромети билдиргендей  күн бүркөлүп, күндүзгү абанын температурасы  -14 градустан -17 градуска чейин, ал эми түндөсү -19 градустан -24 градуска чейин созулууда. Абанын түндүктөн түштүкө соккон ылдамдыгы- секундасына 2-3 метр болуп, бороондун ылдамдыгы- секундасына 6 метрге жетүүдө

Окуучулардын каникулулун узартылышы боюнча мектептин тарбия завучу Гүлмира Абдылдабекова айтып берди.

«Окуучулардын каникулу 16-ноябрга чейин узартылды. Узартылышынын себеби — катуу суукка байланыштуу болду. Бул боюнча бизге буйрук Кыргыз Республикасынын билим берүү жанан илим министирлиги тарабынан буйрук келди. Азыркы учурда чындыгында суук катуу болуп жатат. Мындай суукта окуучулардын мектепке баруусу кыйын эле болот. 16-январдан баштап баштагыдай эле оффлайн форматта мектепке барып окуп баштайбыз.»

 

Каникулдун узартылышына окуучулардын көз карашы кандай? Бул суроого окуучулар мындай жооп беришти:

«Биз кышкы каникулга тарап жатканда эжелер 11-январь күнү окуйбуз деп айтышкан. Бирок класс жетекчибиз каникулдун узартылыганын  билдирди. Ошону менен биз 11-январь эмес 16-январь күнү окумай болдук. Каникулдун узартылышы бир чети жакшы, бир чети жаман эле болду. Себеп дегенде каникул узак болсо эс алуубуз көбүрөөк болот, ал эми жаман жагы сабактарыбыздан артта калып калабыз жана ошондой эле балким жазгы каникулубуз кыскарып калат.

Каникулда ата-энебизге үй жумуштарына жардам берүү менен алекпиз. Анан албетте өтүлгөн темаларды кайталап, китептерди окуп жатабыз. Ошондой эле райондук, облусттук олимпиадага бара турган окуучулар олимпиадага даярданып жатабыз.»

 

Бегимай Шамирдинова