«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанаттуу тизим

22 Февраль 2023 жыл 16:42
Көрүүлөрдүн саны: 166

Бугүн Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде 23-февралга карата салтанаттуу тизим болду. Тизим 9-11-класстар даярдаган иш-чара менен коштолду.

Мектептин окуучусу 9-а Рысалиев Рыскелди иш-чарага күбө болуп өзүнүн эмоциялары менен бөлүштү:

«Бүгүн кыздар бизге арнап концерт коюп беришти. Бизге жакты, ар кандай  кызыктуу оюндар болду, оюндун катышуучуларына ар кандай белектер берилди. Өзгөчө мага конкурстар жакты. Уюштуруучуларга рахмат. Бизге ошондой эле классташ кыздар тарабынан белектер берилди.»

Майрамдык иш чара

Ошондой эле иш-чарага ата-энелер дагы келип салтанаттуу тизимге күбө болушту.

 

Акылай  Шамирдинова