Суусамыр өрөөнүндө 11-марттта мекемелер арасында волейбол болуп өттү. Бул волейболдун курамы 8 мекеменин оюнчуларынан туруп ар бир каманда да 10дон оюнчу болду. Ал мекемелер: Суусамыр Айыл Өкмөтү, Суусамыр орто мектеби, Тунук орто мектеби, 1-Май орто мектеби, Кызыл-Ой орто мектеби, Кожомкул орто мектеби, Суусамыр айыл аймактык ооруканасы жана Милиция бөлүмү. Биринчи орунду Суусамыр орто мектеби багындырып, биринчи орунга байге 3500 сом болду. Экинчи орунду Милиция бөлүмү алды.
Оюн учурунда. Акылай Шамирдинова