«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: «Жаз ханы жана ханышасы»

14 Апрель 2023 жыл 15:49
Көрүүлөрдүн саны: 141

Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде 11-апрель күнү «Жаз ханы жана ханышасы» аттуу  кароо сынак болуп өттү.

Бул тууралуу уюштуруучуларынын бири, мектептин президенти Бегайым Садирдинова айтып берди:

«11-апрель күнү 5-8-класстар арасында «Жаз ханы жана ханышасы» аттуу кароо сынак болуп өттү. Сынактын  уюштуруучулары Абдылдабекова Гульмира эже, мен Садирдинова Бегайым жана 8-б классынын окуучусу Жанышбекова Айзирек болду. Ал жакка 5-8-класстын окуучулары катышты, башкача айтканда жалпы 8 класс болду, ар бир класс «А» жана «Б» болуп бөлүнүшөт. Биздин программада эң алгач эле өзүн-өзү тааныштыруу, ыр, бий жана мода, кол өнөрчүлүк камтылган. Калыстар тобу Кулуева Жийде эже, Карабекова Марина эже жана Садирдин кызы Нестан эже болду. Кароо сынакта үч орунга белектер берилди, биринчи орун алган класска таажы кийгизилди жана ошондой эле таттуулар берилди.  Сынакка кирүү акысы 15сом болду, түшкөн каражатка белектер алынды.»

Акылай Шамирдинова