Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында башталгыч класстарынын окуучулары Алиппе менен коштошуу аземи болуп өттү. Атайын даярдалган концертте бөбөктөр өз таланттарын тартуулап, иш чара жогорку деңгээлде болду.

Алиппе майрамы тууралуу Карабеков Сатынбай орто мектебинин кыргыз тил мугалими Элнура Койчукеева төмөнкүчө айтып берди:
» Бүгүнкү биринчи класстын Алиппе майрамы эң жогорку деңгээлде болуп өттү. Жана ошол балдарды даярданткан эжеси Дүйшеева Айсулууга ыраазычылк билдирем. Балдарыбыздын ар биринин тилин таап, ар биринин талантын ачып берди десем болот. Бул албетте оңой эмес, кичинекей балдар менен иштөө. Ошого карабастан өтө жагымдуу маанай тартуулашты.»

Ошондой элк келген күйөрмандар дагы четте калбастан, концерттен алган таасири тууралу өз ойлорун айта кетишти, алардын бири Биринчи май айылынын тургуну Рахат Курманбеков:
» Бүгүнкү Алиппе майрамы, буга чейинки деле Алиппе майрамдарына деле катышып жүрөбуз бирок бугүнкү концерт чындап жогорку деңгээлде болду. Себеби дегенде бүгүнку Алиппе майрамынын уюштуруучуларынын талыкпас эмгеги чындап чоң эмгегин жумшап болдарды даярдаганы көрүнүп турду. Жана ошондой мугалимдин чын эле ар бир окуучуга көңүл бөлүп , ар бири менен иштешкени дагы байкалды. Даярдаган эжеси Айсулу Дүйшеевага рахмат, мындан ары дагы балдарыбызды алдыга сүйрөп, мындан дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырабыз деп ишенем »
Айтурган Кушкарбекова, Сумая Эрнисова