Суусамыр айылында 2022- жылы май айында Чыйырчык жер тилкесине 60 соток Алтайдан алынып келинген чычырканак көчөттөрү отургузулган. Бул жылы чычырканактар 30 пайыз түшүм берүүсү күтүлүүдө.
Бул боюнча айыл аймактык аялдар комитетинин төрайымы, ден соолукту чыңдоо комитетинин жетекчиси, Нурзат Райымбекова төмөнкүчө маалымат берди:
«Өткөн жылы атайын эксперттер келип жердин абалына байкоо жүргүзүп, ошонун негизинде бизге айыл өкмөт 60 соток жер бөлүп берип, Суусамыр айылынан 6 чакырым алыстыкка чычырканак отургузганбыз. Бул чычырканактар бир долбоордун негизинде отургузулуп, ишке киришти. «Ак Илбирс» фондунан келген демөөрчүлөр чычырканакты отургузуп, айланасын тосуп беришкен. Чычырканактар Алтайдан келген. Азыркы учурда чычырканак 500дөн ашуун түп. Бүгүнкү күндө биздин жамаатта 11 адам иштейбиз. Өзүбүз атайын түзүп алган графиктин негизинде барып сугарып, түбүн жумшартып, дарылап, отоп, кам көрүп турабыз. Эгерде график боюнча бара албай калсак, анда бири-бирибиздин ордубузга барып ишти аткарып турабыз. Жамаат менен өз ара ынтымактуубуз. Мындан ары да чычырканактын түбүн көбөйтүп бул ишти өнүктүрсөк деген жакшы ойлорубуз бар.»
Жумушчулар жамааты.
Иш үстүндө.
Көчөттөрдү азыктандыруу маалы.
Бегимай Шамирдинова.