Каба уулу Кожомкул 1888-жылы Суусамыр өрөнүндө жарык дүйнөгө келген. Азыркы учурда айтылуу балбан тууралуу Суусамыр өрөөнүндө, Кожомкул айылында анча эмес чоң музей жайгашкан. Ал жакты небере келини Алымкулова Бактыгүл айым карайт. Балбандын келини менен бир аз маектештик.

(Каба уулу Кожомкул)
Саламатсызбы, биз азыр Каба уулу Кожомкул атабыздын музейинде турабыз, качанчы жылдан бери музейди карайсыз?

Саламтчылык! Кош келдиңер, мен музейди 2006-жылдан бери карайм, андан мурун кайынэнем карачы, кайынэнем өтүп кеткенден кийин мен карап келе жатам, мен бул атанын небере келини болом. Бул үйдүн эң кичүү келини болгондугума байланыштуу музей бизге тийиштүү .Бул музей 1989-жылы 20-июлда Кожомкул атанын 100 жылдыгына карата салынган, биз анда Жумгал районуна карачыбыз, ошол убакта Комсомольскакя Бригада жана Аманкулов Мирслав Акалович куруп берген. Ошондон бери бул музейди эч ким карабайт. Айыл өкмөткө кайрылсам, «Бизде докуметти жок, биз карай албайбыз, документи эч жерде жок экен»- дешти. Биз Жумгал районуна барып документ жазаталы десек, архивде дагы документ жок экен, ошону менен документи жок каралбай келе жатат. Канчалаган айыл өкмөт которулду бардыгына кайрылдык, ушул музейди жазап берип койгула десек, баардыгы документи жок деп шылтоолошуп карашпайт.
Ушул убакытка чейин демөөрчүлөр болдубу?
Жок, демөөрчү болгон жок. Бардыгын өзүбүз жазап, оңдоп колубуздан келишинче карайбыз. Ошол 100 жылдыкта салынган, ошондон бери эле өз күчүбүз менен оңдоп келе жатабыз.
Негизинен музей деген кандай болушу шарт? Кандай болушу керек?
Ооба, музей деген башкача болушу керек. Келгендердин баарысы талаптарды коюшат.» Эмнеге жазалган эмес? Эмнеге ичинде шарттары жок? Ушул музейди бир эле депутат же бир эле демөөрчү жазап, оңдоп, кычыратып койсо болот го. Дүйнө жүзүндө ошондой эле Кыргызстан боюнча атанын өзүнүн музейи ушул эле болсо мамилекеттик кызматкерлер эле оңдоп жазап койсо болмок го. Музейди жазап коюшса баарыбыз үчүн, жалпы Кыргызстан учун жакшы эле болмок да»- дешет. Эч ким жазабайт, карабайт айыл өкмөтүнө айтып бүттүм. Былтыр «Документ»-деди докуметке деле макул дедим, анан акча которулду андан соң «Докумет жок жазай албай жатабыз»-дешти. Кайра жазында кайрылсам, «Быйыл болбойт» деп коюшту. Эми быйыл болбосо деле кичине оңдоп берип коюшса жакшы болмок. Мына, азыркы абалы аябай эле начар, могул кийимдер 1955-жылы ата кайтыш болуптур, ошол 1955-жылдан бери үйгө сакталыптыр, 1989-жылы ушул музейге алынып келиптир, ошондон бери кийимдер турат, келип-кеткендердин баары көрүшөт, кармалашат, кээ бири минтип «Балалуу бололу» деп ырымдап айрып кетишет карабай калсак. Жайкысын болсо эшике жайып, кактап карап чыгам. кышкысын болсо карга күүп тазалап чыгам, эскилиги жетип баратат. Эми бул атанын кийимин сактап, кийинки муун элдер көрсө жакшы болмок, «Жок дегенде ушул кийимдерди айнек кутучага салып бергиле» деп айтсам эч ким укпай койду. Мына музейдин ичи начар өзүңүздөр көрдүңүздөр, бул экспонаттар атанын өзүнүн колдонгон оокаттары, булардын дагы эскилиги жетти, бирок илгерки СССР убагындагы оокаттар болгондуктан жакшы сакталып келе жатат, эгер азыркыдай болсо булар эбак жок болмок. Мага эң негизгиси кычыраган, жакшы музей жазап берип коюшса кийинки муунга жетмек.

(Экспонаттардын аянычтуу абалы)
Музейдин ичин өзүңүздөр иретке келтиресиздерби?
Ооба, жазында актап, тазалоо иштерин жүргүзөм, дайыма эле өзүм кылам, анткени эл күндө келет, анан кантип карабайм. Келген кишилердин акчаларына деле ыраазымын «Кой эл келип жатат, эл көрүп жатат » деп, колуман келишинче актап, тазалап жууп турам. Бул музей эч жакка карабайт, мага айлык төлөнбөйт. Музейди көргөнү келгендер көнүлүнөн чыкканын беришет, айрымдары бекер эле киришет. Ошондон улам экспонаттар керектүү шарттардын жоктугунан улам жоголуп кетүү коркунучунда. Мунун алдын алуу үчүн мамилекет керектүү чараларды көрүп берсе жакшы болмок эле.
Маегиңизге рахмат!
Хамида Каримова