18-май күнү Суусамыр өрөөнүндө 5 мектептин арасында өтүлүүчү «Акыл Ордо» таймашы болуп өттү. Таймаш өрөөндүн Кызыл-Ой айылында өткөрүлүп, ага 5 орто мектептен 1ден окуучу катышты.
Туруктуу демөөрчү Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүндөгү окуучуларга 20 жылдан ашуун убактан бери колдоо көрсөтүп келет. Алардын ичинде «Жыл мугалими», «Акыл Ордо», «Парламент сүйлөйт» аттуу долбоорлору бар. Бул күнү да ушул долбоорлордун бири «Акыл ордо» болуп, ага колдоо корсөтүп, Тынчтыкбек Конушбаев үй-бүлөсү менен келип күбө болду. Муну менен катар ал беш мектептин алдыңкы окуучуларына стипендия тапшырды.
Таймаштын башында Тынчтыкбек Конушбаев сөз сүйлөдү:
«Мен кубанычтамын, себеби «Акыл Ордо» долбоорун бир жыл күтүп мына бул күн да келип жетти. Аны менен биргеликте 5 мектептин алдыңкы окуучуларына 1 жылдык эмгегине сыйлык-стипендия тапшырдык. Ата-энелерге айтар элем, ушундай иш-чараларга калбай келип, балдарыңыздарга колдоо көрсөтүңүздөр. Биз сиздер үчүн ушундай иш-чараларды уюштуруп жатабыз да. Ошол себептүү ар бириңиздер келип балаңыздар жакшы окуйбу, жаман окуйбу келип колдоо көрсөтүңүздөр.»
«Акыл Ордо» таймашынын жүрүшүндө ар бир окуучу колдоого алынып, оюн соңунда татыктуусун «жеңүүчү» деп жарыялап,
1- орунду Түркмөн орто мектебинин 9-классынын окуучусу Бактияр Чынтемиров багындырып, башкы байге кубок жана нотбук жеңип алды.
2-орунду Сапарбек Мырзакматов орто мектебинин 9-классынын окуучусу Аида Жумабекова багындырып, Бишкек шаарында «American English» аталышындагы англис тили курсуна 3 айлык жолдомо алышты.
Ал эми калган катышуучуларга Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» аттуу китебинин 3 тому жана рюкзактар тартууланды.
Эскерте кетсек, «Акыл Ордо» долбоору Суусамыр өрөөнүндө быйыл 8-жыл өткөрүлүп жатат.
Бегимай Шамирдинова