«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Кубаныч Султан уулу эмне үчүн “Сары-Өзөндүн” курамынан кетти?

7 Июль 2023 жыл 18:26
Көрүүлөрдүн саны: 65

Чүй облусунунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн 1-май айылынан чыккан улакчы Кубаныч Султан уулу “Сары-Өзөн” курамында 10 жылга жакын көк-бөрү оюнун көргөзүп келген. Учурда “Достук” курамына кеткени жаз айында расмий маалымдады. Улакчы менен Көк-бөрү боюнча маек курдук.


Азыркы учурда эмне менен алексиз?
-Азыр айылда мал чарбачылык менен жайлоонун сезону башталып ошол менен алекмин.
Үй-бүлөлүк абалыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
Азыркы учурда бойдокмун беш бир тууганмын үй-бүлөдө мен эң улуусу болом эки иним жана эки карындашым бар.
Көк-бөрү тартып калышыңызга эмне себеп болду?
-Бала кезимде улакчыларды көрүп алып мен да ушулардай аргымак минсем, ушулардай болуп атайын форма кийип, оюнчулар менен кол алышып, оюн көргөзсөм деген кыялым бар болчу. Азыр ошол кыялым орундалып элден бата алып отурам.Көк-бөрү тартып калышыма айылда өскөндүктөн Суусамыр эли мал кундуктүү болгондуктан айылда ат минип чоңойдук. Айылда байкелер улак тартканын көрүп ошондон таасирлендим ата-энем дагы мал баккандыктан ошол себеп болду окшойт.
Алгачкы көк-бөрү тартып жаткан боюнча айта кетсеңиз?
-Ал маалда жаңы улак тартып баштаганда тажырыйба жок башында үйдөгүлөр каршы болушту. Андан кийин тажрыйба алып калгандан кийин колдоп колума кол,бутума бут болуп колдо көргөзүп турушту бир туугандарым ата-энем чоң таазим кылам чоң рахмат айткым келет.
Канча жашыңызда толук көк бөрүгө кирдиңиз?
-Көк-бөрү биринчи айылда тартып жүрдүк он бир он эки жашымда улак тарт кан байкелердин артынан ээрчип жүрдүм андан кийин он беш он алты жашымда Кара-Балтада жакта анан 2013-жылдан баштап Суусамыр курамын толуктап оюн көргөзүп келдим ошол кезден баштап азыркы учурга чейин көк-бөрү оюнун ойноп келем. Он жылдын жүзү болуп калды буйруса.
Мурдагы берген интервьюңарда “Көк бөрү кесип эмес” деп айтыптырсыз учурда оюңуз кандай?
-5 жыл мурун балким, жаштык кылып ушинтип айткан чыгаармын, азыркы оюм менен айтсам, мен үчүн кесип, ушул кесиптин артынан нан таап жаткан соң мен үчүн кесип эмес деп айтуу туура эмес.
Негизи эле Суусамыр өрөөнүнөн чыккан улакчылар көп эмне үчүн деп ойлойсуз?
-Жакшы суроо бердиңиз чынын айтканда ооба биздин айылда атактуу улакчылар өтө көп жаңыдан чыгып келе жаткан улакчы инилерибиз бар чыккан кырык жакшка чыгып улак тартып жүргөн байкелерибиз бар эми бул Суусамырдын өзүнчө бир касиети барго деп ойлойм “Аганы көрүп, ини өсөт” дегендей биз агаларды көрүп чоңойдук бизди көрүп инилерибиз өсүп келе жатат ошол үчүн деп ойлойм.
Сиз буга чейин бир канча аргымак менен оюн көрсөттүңүз, ошолордун кайсынысы сизге жакын болду?

-Ар бир аттын өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү болот, мисалы мен буга чейин БТР, Геркулес, Ахилес, Атаман аттар менен ойнодум. Убакыт сааттын өтүшү менен аттар алмаша берет экен, ар бир ат оюндарга чыгып турган учурда мыкты болот, себеби аргымакты атайын оюнга даярдап, машыктыруунун негизинде жакшы жыйынтыкка жетебиз. А негизинен мага өзгөчөлөнүп жаккан аргымак — БТР.
“Көчмөндөр” оюндарында дагы оюн көгөзгөнсүз анда кандай сезимдер болгон?
-Ооба эсимде алгачы Көчмөндөр оюндары эсимде ал 2014-жылы болгон андан кийин 2016 жана акыркы 2018-жылы болгон. Ал кезде жаш болгон экенмин толкундоо сөз менен айтып жеткиргиз сезимдер болгон.
Буга чейин “Сары-Өзөн” курамында оюн көргөзүп келдиңиз “Достук” курамына кетишиңизге эмне себеп болду?
-Кеткениме чоң деле себеп жок “Достук” командасынан сунуш түштү ошол контрак боюнча кетим ага чейин “Сары-Өзөн” командасы чогулат чогулбайт болуп жатты ошол оюнга аз калганда “Достуктан” сунуш түшү контрактын баасы келишип калып кеттим.
Сыр болбосо канча контрак менен кеттиңиз? “Достук” курамына?
-Контрак азыр сыр боюнча калат эки команданын ортосунда болот келишим. “ДОСТУК”командасынын директору менен суйлөшүлөр жургөн ошонун негизинде контрак бир жылга түзүлдү.
Демек бул жылы “Достук” курамына оюн көргөзүп кийинки жылы “Сары-Өзөн” курамына келип калышыңыз мүмкүн?
-Эми быйылкы оюнду бүтсөк эмки жылда убакыт көргөзөт, азыр айтышка кыйын болуп жатат. Убакыт сааты келгенде айтабыз.
Кандай кыялдарыңыз бар келечекте бөлүшүп кетсеңиз?
-Чынында машыктыруучу болсом деген кыялым бар. Бирок азыркы жаштарды машыктырыш үчүн шарт түзүш керек экен мисалы аргымак кармоочу жай, аргымактар, жашаган жер,тамак аш ж.б нерселер керектелет экен. Ошол нерселерди даярдап алып анан машыктырса жакшы болот окшойт деп ойлойм да. Бирок агак чейинг Бишкек шаарында көк-бөрү мектеп ачылган атайын улакчы болом деген жаштарга ошол жака барып үйрөнсө болот.
Көк бөрүдө сиз мыкты деп эсептеген 4 улакчы?
-Негизинен көп эле, мисалы Рустам Тыналиев, Манас Ниязов, Аскат Аскаров, Арген Кадырбеков, булардан тышкары да мыкты оюнчулар жалпысынан алганда Кыргызстанда көп.
Көк бөрүчү болом деген жаштарга кандай акыл-кеңеш бересиз?
-Талыкпаган эмгек мээнет керектелет жана жашоого койгон максаты бийик жалкоолукту ташташ керек дейт элем жана эч качан сынбаш керек.
Кубаныч мырза сизге терең ыраазычылык билдирем убактыңызды бөлүп келип маек куруп бергениңизге чооң рахмат.

Хамида Каримова