«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Айыл ичиндеги бир көчөгө асфальт төшөлүп бүттү

9 Июль 2023 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны: 66

Суусамыр айылындагы ички көчөлөрдүн көбү асфальттанган эмес. Бул көрүнүш айыл тургундарына бир топ кыйынчылыктарды жаратып келчү. Эми Байтурсунов атындагы жолго алфальт төшөлүп пайдаланууга берилди. Суусамыр айыл өкмөтү жыл сайын айыл ичиндеги көчөлөрдү асфальттап келет.

Жолдун курулуш иштерин Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы “ОСО СУУ4 Кара-Балта” ишканасы аткарды. Аталган ишканын кызматкери болуп эмгектенген Айбек Ашырбеков жолду оңдоп-түзөө иштери бир айга созулганын айтты:
«Бул процессти 1-июнда баштап, 30-июнда аяктадык. Бизде ар кандай көлөмдөгү техникалар колдонулду, техниканын баары өзүбүздүн фирмага тиешелүү.» Бул долбоорго 15 техника ал эми куруучулар 14 кишини түздү. Көчө жалпысынан тургундарга пайдаланууга берилди.»

Жолдун асфальталышын «Чүй облустук өнүктүрүү коомдук фонду» каржылаган жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошулду. Тендер кыш мезгилинде өткөнүнө карабай жол эми гана жасалып бүттү. Себеби айылдын кышы оор болгондуктан, эч бир техника келе албай калган. Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Майрамбек Исмаилов төмөнкүлөрдү айтты.
«Бизге жолго бөлүнгөн каражат проекттин негизинде болуп, 4млн 82 миң сомду түздү. Жалпы жолдун жасалуу узундугу 508 метр, ал эми туурасы 5 метр. Асфальттын калыңдыгы 6 сантиметр, ошондой эле асфальттын алдына төшөлгөн шагылдын калыңдыгы 15-45 сантиметрди түздү.»

Суусамыр айылынын тургуну Байтурсунов көчөсүнүн жашоочусу Миргүл айым айылдагы көчөлөр четинен оңдолуп жатканы айыл жашоочуларына ыңгайлуулук жаратарын белгилеп, мурдагы жолдун абалы боюнча төмөндөгүлөргө токтолду:
“Биз 10 жылдан бери жашайбыз, ошол жылдардан бери бул жол мындай болуп оңдолгон эмес. Мурунку жолубуз чынында өтө начар эле балдарыбыз мектепке же дүкөнгө барып келгенче кийимдери чаң болуп кирдеп келишчи. Бизде айылда атайын адамдар басканга тротуар жок болгондуктан, биз жолдун жээги менен басабыз эски жолдун жээги менен басып калганда бир машина өтүп кетсе 10-15 минута жөн эле турчубуз машиналар көп бузулат болчу. Азыр биздин жол оңдолуп бүттү. Абдан жакшы бат бүтүштү кенен басып калдык, таза көчө болуп калды. Балдарыбыз таза боюнча келип жатат, рахмат айтам. Былтыр жаныбыздагы көчө оңдолгон быйыл биздин көчө болду айыл өкмөт жакшы иштесе буйруса айылыбыздын бардыгында асфальт болот деген ойдомун».

Хамида Каримова