«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Сүрөт Баян: Ысык-Көлдүн конокторун таттуулар менен сүйүнткөн ашпозчу

9 Июль 2023 жыл 15:40
Көрүүлөрдүн саны: 75

Ысык-Көл облусундагы “Меридиан” эс алуучу жай жайында жергиликтүүлөрдөн сырткары чет өлкөдөн келген коноктор бар.Кардарларын жатаканадан башка тамак аш менен камсыздайт. Бул жылы эс алуучулардын саны жүздөн ашык.

Ашканасында бир эле тамак эмес таттууларды жасай турчу бөлмө бар үч жылдан бери эмгектенип келе жаткан ашпозчу ар түрдүү таттуулардын түрүн кылат. Өз жумушун сүйгөн ашпозчу айым күнүнө 100-150 таттууларды жасайт.

Ашпозчу учурда элүүдөн ашык таттуулардын түрүн билет. Эс алуучуларга күндө ар кандай таттууларды жасайт мисалы: булочка, торт, кекс ж.б нандар.

Ар бир таттуунун салмагы өлчөнөт, токсон граммдан ашпаш керек. Салмагы көбүрөк болуп калса ашпозчу ойлогондой таттуу чыкпай калышы мүмкүн.

Учурда ашпозчу кечки тамакка татууларды жасап жатат. Камыр даяр болгондон кийин татуулардын ичине ар кандай кошулмалар кошулат мисалы: быштак, алма пюре, камкаймак ж.б

Таттуулар даяр болгон соң сахар сюктугун сүйкөп муздагандан кийин конокторго берилет.

Таттууларды ыссык мешке салып бышырганга чейин бир аз булочка көтөрүлгүчө атайын мешке салынат.

Ашпозчу татуу булочкадан сырткары нан, пицца, бургердин наны дагы ушул жерден жасалат.

Колго жасалган  таттуулар меймандарга тартууланат.

Хамида Каримова