Коп учурда Кыз баланын мамлекет тарабынан берилген үлүш жери болсо дагы кыз бала ага турмушка чыккандан кийин ээлик кылбай, агасына же инисине калтырып кеткен. Буга эмне түрткү болгонун Суусамыр Айыл аймактык аялдар комитетинин төрайымы, АДК нын жетекчиси Нурзат Райымбекова айтып берди
Кыз баланы өз мүлкүнө ээлик кылбоо бул эски көз караш
— Негизи кыз баланы өз мүлкүнө ээ кылуу өтө маанилүү. Замандын өзгөрүшү менен мүлк маселесинде дагы көз карашыбызды өзгөртүүбүз керек. Мисалы мурун кыз балага мүлк беришкен эмес, болгону кыз турмушка чыккан кезде себин берүү менен гана чектелишкен. Ал эми эгер үйдө эркек бала жок болсо анда агасынын баласына же инисинин баласына мүлкүн таштап кеткен. А бирок заман өзгөрдү адамдардын көз карашы өзгөрдү. Ошону менен бирге кыз бала мураскер болуп калып калган учурлар өтө көп кездеше баштады.
Кыз бала үлүш жерин өзү калагандай колдонсо болот
Бизде тилеке каршы кыз киши өз үлүш жерин озү колдоно албай калган учурлар көп, себеп дегенде же агасы жерин иштетип жаткан болот, же ата энеси иштетип жаткан болгон. А бирок өз кезегинде кыз бала жердин ээси катары эч нерсеге ээлик кылбайт. Мындай учурда менин оюмча кыз кичинесинен сен жерди эмне кылмак элең күйөөгө тийсең күйөңдүкүнө ээлик кыласың сен агаңа же иниңе эле бересиң деп айтып жатып, кыз чоңойгуча ал жерди өзүнүн жери катары көрбөй калат. Кийин турмушка чыгып же башка жака кеткен болсо анын бир туугандары ал жерди алып коюшат. Менимче бул туура эмес, себеп дегенде балким анын дагы ал жерге койгон максаттары болгон балким азыр болбосо кийин өзүнө керек болуп калат. Бул жагын дагы ойлоп коюшса жакшы эле болмок деп эсептейм.
Мүлк бөлүүдө кыз бала дагы мураскерлердин катарында болуусу керек
Дагы бир аянычтуу нерсе бул мураскерлердин арасына кыз баланы кошпой койгон учурлар капалантат. Себеп дегенде азыр аялдар эркектер менен тең тайлашып иштеп, үй бүлөлүк бюджетти толуктап жаткан учурда эмне себептен мүлкө келгенде эле жынысың эске алынып калат. Бул туура эмес деп эсептейм. Азыр канчалаган кыргыз кыздар мектепти бүтүп бүтпөй эле чет жака иштегени кетип жатышат. Ал жакта жылдап иштеп ата энесине тапкан акчасынын баарын салып, үйүн ремонттоп берген учурда дагы кийин кыз бала эч нерсеге ээ боло албай калат. Себеп дегенде үйдө эркек бала бар. Менимче бул жагын дагы жакшылап карап көрсөк болчудай. А бирок мыйзам чегинде баардык балдары бирдей үлүштүк пайызга ээ болушу керек.
Деги эле жер үлүшү болобу, же башка турак жай болобу мурастар балдардын жынысына карабай бирдей тең болунгөнү туура.
Айтурган Кушкарбекова