«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Аял кишиге жолдошу тараптан тек гана колдоо керек

23 Сентябрь 2023 жыл 20:02
Көрүүлөрдүн саны: 57

Айыл аймактык аялдар комитетинин төрайымы жана ошондой эле Айылдык ден Соолук чыңдоо комитетинин жетекчиси Нурзат Райымбекова, учурда төрт кыз, эки уул, он төрт неберенин чоң энеси. Ал бул жетишкендиктеринин артында үй-бүлөнүн колдоосу жана талыкпас эмгек турганын айтат.

 

 
Эмгек жолум

Алгач мектепти аяктаган соң медицинский коледжке тапшырып, бирок тилеке каршы окуумду бүтүрө албай калгам. Кийин 1992-жылы турмушка чыгып, кийин шайлоо комиссиясында оператор болуп иштегем, кийин почтага которулуп ал жакта дагы эмгек жаратып калдым. Көп өтпөй азыркы учурда СууамырАлгач мектепти аяктаган соң медицинский коледжке тапшырып, бирок тилеке каршы окуумду бүтүрө албай калгам. Кийин 1992-жылы турмушка чыгып, кийин шайлоо комиссиясында оператор болуп иштегем, кийин почтага которулуп ал жакта дагы эмгек жаратып калдым. Көп өтпөй азыркы учурда Сууамыр Айыл аймактык аялдар комитетинин төрайымы жана ошондой эле Айылдык ден соолук комитетинин жетекчисимин. Андан тышкары аксакалдар сотуна мүчөмүн. Албетте мунун баарына убакыт керек, эмгек керек. Ар бир жетекчилик кылган ишим ошондой жоопкерчиликти талап кылат. Андыктан сенин алдыңкы жашооң жана ошондой эле жетишкендиктериң бир гана сенден көз каранды.
Айыл аймактык аялдар комитетинин төрайымы жана ошондой эле Айылдык ден соолук комитетинин жетекчисимин. Андан тышкары аксакалдар сотуна мүчөмүн. Албетте мунун баарына убакыт керек, эмгек керек. Ар бир жетекчилик кылган ишим ошондой жоопкерчиликти талап кылат. Андыктан сенин алдыңкы жашооң жана ошондой эле жетишкендиктериң бир гана сенден көз каранды.

Аял кишиге жолдошу тараптан тек гана колдоо керек

 

Мен чынында жолдошума аябай ыразымын, себеп дегенде мен өзүм волонтер болуп дагы эмгектенгендиктен эл арасында көп жүрөм. Негизи мага эл арасында иштеп, эл үчүн кызмат кылган жагат. Менин жумуша байланыштуу окуулар көп болуп турат андыктан алардын бирин калтырбай барышым керек, анан жолдошум алардын биринен дагы калтырбастан өзү кошо мени менен барып, окутуу бүткөндөн кийин мага өз оюн, сунушун дагы айтып турат. Андан тышкары балдарым дагы менин жумушумду туура кабыл алуу менен алар дагы өз колунан келгенин кылышат. Эки жыл мурун Суусамыр айыл өкмөтүндө бир жыйын өтүп, мен бир көгөйдү көтөруп чыккам. Ал көйгөй эске алынып, чет жактан келген адамдарга дагы жагып, Ак илбирс фондунун колдоосу менен чычырканак отургузуу долдбоору башталган. Ал чычырканакты отургузган соң ал түшүмдү үч жыл бербейт экен . Ошол эки жылдан бери үй-бүлөмдүн колдоосу жана жардамы менен чычырканака иштегенге адамдарды топтоп, көчөттөрду багып, буйруса Суусамыр элиме кичине болсо дагы иш менен камсыздаганы турабыз.

 

Азыр айымдар үчүн мүмкүнчүлүк көп

Азыр айымдар үчүн мүмкүнчүлүк өтө көп, ар кимдин өз тандоосуна жараша окуулар бар. Ар кандай курстар бар. Ар бир айым келечекте кандай адам болушуна тек гана өздөрү жооп берет. Бир гана кичине аракет кылуу керек. Азыр өз бизнесин ачып иштеткен айымдар көбөйдү, эгерде мурун айымдар кухнядан чыкпаган болсо азыр мырзалар менен биргеликте иштеп жүрүшөт. Андан тышкары мурунку заманга караганда мырзалардын дагы көз карашы өзгөрүп жубайларына үй тиричилигине жардам берип жатышат, бул өтө жакшы көрүнүш. Бир гана өзүңдүн аракетиң керек. Менин бүгүнкү күндөгү жетишкендигиме, кечеги эмектерим себепкер. Азыр кудайга шүгүр

 

 

 

Айтурган Кушкарбекова