«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Алтын күз

13 Октябрь 2023 жыл 13:15
Көрүүлөрдүн саны: 63

Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин окуучулары күз майрамын белгилешти. Күз майрамында мектеп окуучулары, ар бир класс өзүнө бөлүнгөн өлкөнүн каада салты жана улуттук  тамагы менен тааныштырышты. Иш чара салтанаттуу тизим учурунда болуп, ярмарка уюштурулду. Тизимдин соңунда жакшы даярданган класстарга орундар берилип, жеңүүчү класстын жетекчи мугалими Гулира Абдылдаева  өз пикири менен бөлүштү.

 

  

«Ооба, бул жылы күз майрамы чынында жогорку деңгээлде өттү десем болот. Жеңишке жетүү чынында оңой болгон жок. Себеп дегенде окуучуларым менен көп убакыт даярдандык. Албетте, жеңүүчү болуу булуп өзүбүз дагы аябай кубанып турабыз. Кылган эмгегибиз текке кеткен жок десем дагы болот. Биздин мектепте ушундай талантуу окуучулабыз бар экени кубандырат. Демек биз таланттуу жаштарды тарбиялап жатабыз деп ишенем.»

 

Мындай иш-чара Суусамыр айылындагы ар бир мектепте жыл сайын уюштурулуп турат. Бул жылы тизимде мектеп окуучулары ар өлкөнүн улуттук бий, ырлары менен дагы коштолду. Келген көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

 

 

Айтурган Кушкарбекова