«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Ак Сакалдар сотунун төрагасы шайланды

8 Февраль 2024 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны: 134

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Ак Сакалдар сотунун кадрларын шайлоо иш-чарасы болуп өттү.

Жыйында Ак Сакалдар сотунун төрагасы жана катчысы шайланды. Шайлоо Айыл Өкмөт башчылары жана ак сакалдардын катышуусунда өттү.

Жыйынтыгында Бурканбаев Үсөн Орозканович төрага, орун басары Субанбек Рыспаев, ал эми Нурзат Райымбеков катчы болуп шайланды.

 

Бурканбаев Үсөн Оросканович агай — эл агартуунун отличниги, буга чейин Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин мүдүрү болуп эмгектенген.

( Ак сакалдар сотунун мүчөлөрү )

 

 

Мерайым Исланбекова