1-май айылындагы Карабеков Сатынбай атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Шапданбеков Бекбол Республикалык олимпиаданын райондук этабында география предмети боюнча 1-орунга багындырып, учурда география мугалими Адылбек кызы Элнура эже менен облустук олимпиадага даярданып жаткан учуру. Кошумалай кетчү нерсе, Бекбол Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович агайдын демөөрчүлүгүндө уюшулган маалыматтык турга барып келди.
Ушул эле айылдын дагы бир ийгиликке жеткен 7-классынын окуучусу Канатбеков Элмир «Илим жана техника» күнүнө карата «Тюк подборщик» деген машина ойлоп таап, өз колу менен жасап Жайыл району боюнча 1-орунду алды.
Учурда Элмир дагы облустук деңгээлге даярданып жаткан учуру.
Шамирдионва Бегимай