Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү мектептер айланасына жана Бала бакчага жаңы көчөттөр отургузулду.
Көчөттөр Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан көмөк катары бөлүнүп берилип, көчөттүн эки түрү отругузулду. Иш- чарада Суусамыр айыл өкмөтүнүн ишкерлери, мектеп мугалимдери, Суусамыр айылдык ооруканасынын ишкерлери катышты.
( АДК кызматкери Раиса, АДК жетекчиси, АА комитетинин жетекчиси Нурзат райымбекова, Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин мурунку директору Үсөн Бурканбаев )
Адан тышкары, көчөт тигүү менен гана чектелбестен мекемелер Суусамыр айылынын айланасын жана көчөлөрдү таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Иш- чарада жергиликтүү эл активдүү катышып, айылдын айланаысы толугу менен тазаланды. Чогултулган таштадыларды Достук ишканасынын техникасы ордунан алып кетип атайын таштанды таштоочу жайга жеткирип жатышты. Мындай иш-чара Суусамыр айылында жыл сайын уюштурулп келет. Жыл өткөн сайын өз каалоосу менен ишембилике чыккан жарандардын саны өсүүдө.
( Суусамыр айылдык ооруканасынын мед кызматкерели )
Айтурган Кубанычбековна