«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Париждеги жарнамалык такталар алынды

22 Август 2024 жыл 0:37
Көрүүлөрдүн саны: 11

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Ош- Бишкек унаа жолунун боюнда жайгашкан Париж айылынын тургундарынын жарнамалык такталары толугу менен алынды. 

Жарнамалык такталардын алынышынын себебин Суусамыр аыйл өкмөтүнүн кызматкери Үметалиев Таштан кененирек айтып берди:

» Париж айылынын тургундары жол жээгиднги кафе, СТО, жана башка чакан иш каналарды иштетип келишет. Ошол себептен бул жерде ар түрдүү жарнамалык такталар көп. Бирок жаңы чыккан буйруктун негизинде бул такталар талапка жооп бербейт. Ошол себептен улам дагы бул кадамга барууга аргасыз болдук. Алгач биз айыл өкмөт кызматкерлери барып, жергилктүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.  Эми Париждеги жарнамалар төмөнкү үлгүдө көрсөтүлгөндөй бир типте болуусу керек.»

 

Айтурган Кушкарбекова