Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Чычырканак 10 пайыз түшүм берди.
Эске салсак 2022-жылы Ак илбирс фонду тарабынан колдоого алынып, Суусамыр айылына чычырканактын 300 көчөтү отургузулган, анда чычырканактын бир нече түрү бар. Көчөтөөр атайын Алтайдан алынып келинип Суусамыр айылынын климатына туура келген. Бул жолбоордун башкы максаты жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылган. Анда көчөттөр үч жылдан соң түшүм берет деп күтүлүүдө. Кененирээк долбоордун катышуучусу Нурзат Райымбекова айтып берди:
( Нурзат Райымбекова Айыл аймактык аялдар кеңешинин төрайымы, АДК нын жтекчиси, коомдук активист )
«Быйыл чычырканак тилеке каршы он гана пайыз түшүм берди. Түшүмдүн мындай болуп калуусунун себеби быйыл чегиртке көп болуп, жалбырагына мөмөсүнө көп зыян келтирди. Бирок ага карабастан түшүм берди бул дагы жаман эмес. Биз бул жака жолдошум экөөбүз чогу келип, көчөттөрүн убагында сугарып, тегерек четин иретке кетирип турабыз. Бул жакта бизден башка дагы активисттер иш алып барып келишет, ар кимимбиз өз кезегебиз келгенде келип турабыз.
Айтурган Кушкарбекова