«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Каш жасатууда формасына маани берүү керек, адистен кеңеш.

28 Январь 2026 жыл 13:48
Көрүүлөрдүн саны: 36

айдана Солдатбековна  бул кесипти аркалап келгенине тогуз жыл болду. Азыркы күндө өз сулуулук салонун ачып эмгектенип келет. Каш жасоого башынан элек кызыкчу. Алгач мектепти аяктаган соң, сулуулук салонуна курстарга жазылып, каш жасоону үйрөнө баштап, кийин жыл өткөн сайын каш жасоонун дагы техникалары өзгөрүп, ар кандай метотдор менен жазоо мүмкүнчүлүктөрүн дагы кеңири колдону келет. Азыркы учурда табигый сулуулука басым жасалып жаткандыктан, ошол техниканы аркалоо үстүндө эмгектенип келет.

Айдана Солдатбековна

Теневая растушевканы жасаткандан кийин кайра өчүрсө болобу?

Оба албетте болот, жогоруда айтылгандай эле азыркы учурда техикалардын өнүгүүсү менен метоттору дагы ар кандай, эң эле эфективдүүсү лазер менен өчүрүү. Бул процесс он минута аралыгында, эч кандай оорутпастан, толук өчүрүп койот.

Каш жасатууда адамдын кандайдыр бир красскага же колдонулуп жаткан антисептикалык керектөөлөргө аллергия болуусу мүмкүнбү?
Жок андай болушу мүмкүн эмес, себеп дегенде шаймандар толугу менен антисептикалык спирттер менен тазаланат. Жана ар бир кардарга жаңы ийне өзүнүн көзүнчө ачылып жасалат, жана толуктай кетчү нерсе каш жасоодо гигиенаны толук сактоо өтө манилүү экндигин дагы унутпашыбыз керек.

Кайсы учурда адамда каш жасатууга болбойт?

Негизи каш жазатуу эгерде кардардын боюнда бар болсо биринчи триместрде жасалбайт, жана кант диабети менен жабыркап келген болсо дагы болбойт. Жана ошондой эле айымдарга месячный келип жаткан кезде жасатуу сунушталбайт, себеп дегенде өңү көпкө кармабай калышы мүмкүн.

Каш жасатууда эмнеге маани берүү керек?

Каш жасатууда албетте адамдын бетинин формасына жараша каштын формасы тандалат, кийинки кадам бул каштын өңү. Себеби каш бул адамдын көркү деп эсептейм, ушул себептен улам, каш жасатууда туура мастерди жана өзүңүзгө жараша турган форманы тандап алуу өтө маанилүү.

Каш жасатып буткөн соң, кандай кылып кароо керек?

Каш жасатып бүткөндөн кийин каш карттанып биринчи катмары сыйрылып түшөт. Бирок андан коркуп чочуунун керекги жок, ал ошондой болуусу керек. Ошол маалда баняга тушпөй кашка суу тийгизбей туруу өтө маанилүү. Жана ошондой эле жаззап бүткөндө өзүнүн суйкоп туруучу майланы болот, ошолор менен туура кам көрүп туруу керек. Эгерде мастердин айтканы менен ошол мезгилде туура кам көрүа койсо өңү көп убакытка чейин сакталат.

Каш мастери болууну кыялданып жургөн кыздарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Каш мастери болуу биринчиден өжөрлүктү, жоопкерчиликти талап кылат. Негизи эле оңой кесип жокта, ошол себептен бул кесиптин дагы өзүнүн кыйынчыктары бар. Бирок эгерде ошол мезгилде жалкоолукту таштап өжөрлүк менен жакшы матер болуп алса, бул каражат табууга жакшы кемип деп айта алам.

Маегиңизге рахмат!

 

Айдай Сагынбаева