«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Кызамыка каршы эмдөө жүрүп жатат

3 Февраль 2026 жыл 15:51
Көрүүлөрдүн саны: 32

Суусамыр айылында Кызамыка каршы эмдөө жүрүп жатат. Эмдөөгө ошондой эле өз ыктыяры менен эмдөөдөн баш тарткан жарандарга дагы кайрылуу, эмдөө бала үчүн өтө маанилүү, бул бала Кызамык оорусуна чалдыккан кезинде ага иммундук системасы даяр болуусуна мүмкүнчүлүк берет. 

Азыркы учурда Кызамвк оорусуна каршы эмдөөсүн жүргүзүп жатабыз, бизге 26.01.2026 баштап «кызамык, кызылча» оорусуна каршы жогорудан ушундай буйрук келип, бир жаштан эки жашка чейинки балдарга эмдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жана ошндой эле эмдөөдөн өз ыктыяры менен баш тартып же болбосо эмдөөгө такыр эле келбей дайынын билдирбей жаткан тургундарга дагы кайрылт элек, бул нерсе баланын ден соолугу үчүн керек. Себеп дегенде бул оорулар азыр республика боюнча аябай коопту болуп жаткан маселе. Бул бала эгер ошол ооруга чалыккан болсо иммундук системасы ошол ооруга туруштук бере алат, жана бала жеңил көтөрөт. Жана ошондой эле азыркы учурда алты жашка толгон балдарга дагы эмдөө жүргүзүлүп жатат, ал кандай эмдөө десеңиз бул Гептөө , синекок оорусуна каршы эмдөө жүрүп жатат. Толуктай кетчү маселе ата-энелер эмдөөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылып, балдарды эмдетип кетиңиздер! деп кайрылат элем.

Кошкороева Мээрим  (эмдөө мед айымы)

 

Айтурган Кубанычыбековна