Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында 2026-жылга болгон бюджет бекитилди. Белгилей кетсек Суусамыр айыл өкмөтү дотацияда турат. Бул жылы бюджеттин басымдуу бөлүгү жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылыуу жана ички жолдордуу оңдоо маселелерине жумшалат.

Суусамыр Айыл өкмөтүнүн жыйынында2026-жылдын бюджетин бекитүүгө жергиликетүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчысы жана кызматкерлери, айыл башчылардын катышуусунда өттү. Бюджетти бекитүү бир жылда эки жолу карлат жана биринчи жарым жылдыкта өтпөй же бюждеттин каражаты жетпей каралбай калган маселелер экинчи жарым жылдыкта каралып, маселе чечилип келет.
Бул жылы бюджетти бекитүүдө алгач жолмаселеси жана тана таза суу маселеси приоритеүү болуп, колдоо алды. Жыйынтыгында Суусамыр айылынын ички төрт көчөсүнө асфальт төшөө, Биринчи май айылына таза суу чыгаруу иштери жаз алды менен ишке киришет.
Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин сырткы шыбактарын жаңылоо, Суусамыр айылында жайгашкан Эки ФАП тын ремонттоо, Кожомкул музейин рекнструкциялоо маселелери дагы колдоо алып, жаз келсе ишке кирет. Бул маселелерди чечүүгө каражаттын басымдуу бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каралса калганы фондтордун жардамы менен ишке ашат.
Даярдаган: Айтурган Кушкарбекова