Жайыл раойнуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылында кар көчкү бир адамдын өмүрүн алды. Алдын ала маалымат боюнча маркум мал айдап бара жаткан.
2026-жылдын 12-февралында болжол мене 12:00 чамасында Кызыл-Ой айылынын «Бороонду» жайлоосунда кар көчкү түшүп, 1967-жылы туулган Д.А аттуу эркек кишини 50 кой 1 аты менен кар көчкү басып калгандыгы тууралуу маалымат, Кызыл-Ой айылынын айыл башчысынан келип түшкөн. Маалмат келип тушөр замат Жайыл райондук ӨКМ кызматкерлери издөө иштерин баштады.

Тушкөн көчкүнүн көлөмү көп болуп жана аба ырайынын кескиң начарлаша издөө иштерине тоскоолдук жаратып, Жумгал районун №43 ӨКМ ден 5 куткаруучу тартылып издөө иштериууланууда. Айырым кыйынчылыктарда улам маркумдун бүгүнкү күндө 20 баш кою табылды. Кошумчалай кетсек Суусамыр айылынын тургундары издөө иштерине катышууда. Кошумча маалымат берилет.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна